Түркия жана Евразия карым-катнаштары-50

Тынчтык үчүн өнөктөштүк демилгеси жана Казакстан

869396
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-50

Тынчтык үчүн өнөктөштүк демилгеси жана Казакстан

НАТОнун маанилүү демилгелеринин бири болгон «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» Евразия аймагын да камтыган негизги программа болуп саналат. Биз да бул жумада «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгесин жана Казакстан менен кызматташтыгын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

«Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгесинин негизги максаты, Суук согуш аяктагандан кийин НАТОго альтернатива катары сунушталган коопсуздук өзгөртүүлөрүн чектөө болуп саналат. Буга караганда НАТО бир тараптан кеңейип мурунку Совет өлкөлөрүн мүчө катары кошо алуусу жана экинчи тараптан да өзү ишенген баалуулуктарды айланасына жая алуусу керек эле.

Абсолюттук карама-каршылыктардын негизинде түзүлгөн коопсуздук түшүнүгү, Советтер Союзу ыдырагандан кийин тартуучу күчүн жоготту. НАТО да Суук Согуш убагындагы коопсуздук түшүнүгүн өзгөртүүгө аргасыз болду. Советтер Союзунан таркаган өлкөлөрдүн бардыгынын НАТОго мүчө болуулары мүмкүн эмес эле. Ошондуктан чечүүчү жол табуу мажбурдуулугу жаралды. Ушул алкакта «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгеси, буга өнөктөш катары кошулган өлкөлөрдү НАТОнун ичине толук албастан, ошол эле учурда тышында да калтырган жок.

«Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгесинин негизги максаттары булар: Чыгыш Европа, Карадеңиз, Кавказия-Борбордук Азия жана Балкан өлкөлөрү менен НАТОнун ортосундагы мекемелик кызматташууну жогорулатуу, Бул өлкөлөрдүн НАТОнун жалпы коопсуздук кызыкчылыктарына коркунуч жаратпай тургандай абалга айлануусун камсыздоо, Бул өлкөлөрдүн аймактын коопсуздугуна оң багытта салым кошууларына арачы болуу эле. Бул жерде кааланган нерсе, «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгесине мүчө болгон өлкөлөрдүн узак мөөнөткө өздөрүн НАТОнун негиздөөчү баалуулуктарынын айланасында өзгөртүүлөрү. Ошол эле учурда туруктуу тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышына салым кошуулары. Ушундан улам «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгеси, мүчөлөрдүн орто жана узак мөөнөткө өзгөрүүлөрүн көздөгөн долбоор болуп саналат.

Казакстандын НАТО менен иш жүзүндөгү коопсуздук кызматташуусу «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгеси программасынын алкагындагы документке 1994-жылы кол коюлушу менен расмий түрдө  башталды. НАТОнун Кавказия жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурайдын айтымына караганда, Казакстан аймактагы шериктештиктин эң активдүү өнөктөшү болуп саналат. Эки тараптуу кызматташтыктын ишке ашырылышы үчүн маанилүү механизмдердин бири да, 2006-жылы биргелеше түзүлгөн эки жылдык Жекече өнөктөштүк кыймыл планы болуп саналат. Жекече өнөктөштүк кыймыл планы аркылуу НАТО, Казакстанга камсыздаган жардамдарда өлкөнүн белгилүү муктаждыктарына жана алдыңкы пландарына жараша колдоо көрсөтүүдө. Ушунун негизинде өлкөнүн коргоо жана коопсуздук секторлоруна да салым кошууда.

1995-жылдан бери Казакстан «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгесинин алкагында коргонуу реформасы, аскердик мекемелердин ортосундагы кызматташтык, жарандар менен аскерлердин байланышы, жарандык чукул абал пландоосу жана апааттарга бөгөт болуу, билим берүү жана илимий кызматташтык сыяктуу бир катар программага катышты. Коргоо жана коопсуздук секторунун реформасынын алкагында НАТО, Казакстанга Коргоо жана Куралдуу күчтөр министрлигинин мекемелик реформа процессинде маанилүү деңгээлде өз тажрыйбасын бөлүштү.

2008-жылдын июль айында Казакстан-НАТО кызматташтыгы планынын алкагында Борбордук Азияда Казакстан борбору (KAZCENT)  аттуу алгачкы «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгесинин билим берүү борбору Алматыдагы Кургактык күчтөрүнүн аскердик институтунда ачылды. Бул борбор 2010-жылдын декабрында НАТО тарабынан Өнөктөштүк билим берүү борбору деп аккредитацияланды. Борбордун негизги максаты, НАТОго мүчө жана өнөктөш мамлекеттерден аскердик бөлүктөр менен катар тынчтык күчү операцияларына катышуу үчүн аскердик кызматкерлерди даярдоо болуп саналат.

НАТО-Казакстан кызматташтыгы тармактарынын бири да эл аралык терроризмге каршы күрөшүү болуп саналат. Казакстан Терроризмге каршы күрөшүү боюнча өнөктөштүк кыймыл планынын мүчөсү. Казакстан бул пландын мүчөсү катары НАТО менен тийиштүү маалыматтарды жана анализдерди бөлүшүп, терроризмге каршы күрөшүү жөндөмдүлүктөрүн өнүктүрүүдө, мекемелер ортосундагы кызматташтыгын кеңейтүүдө жана чек ара коопсуздугун күчтөндүрүүдө.

Жыйынтыктай кетсек, НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгеси программасынын алкагында жүргүзүлгөн кызматташтык Казакстан үчүн ар түрдүү пайдаларды алып келүүдө. «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгеси Казакстандын терроризм, диний ашкерелик, этникалык кагылышуулар, уюшкан кылмыштар, бангизат сатуу, массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышы жана берки кылмыштарга каршы күрөшүүсүнө жардамчы болууда. Белгилүү болгондой Казакстан НАТОго толук мүчөлүк изденүүсүндө эмес. Бирок Казакстан үчүн НАТО менен мекемелешкен кызматташуу абдан маанилүү. Анткени бул кызматташуу, бир гана Казакстандын аскердик жактан күчтөнүүсүнө салым кошпостон ошол эле учурда аймактын ырааттуулугун арттырып, Борбордук Азияда коопсуздук кызматташтыгын күчтөндүрүүдө жана чоң коңшу күчтөрдүн Борбордук Азияга карай тышкы кысымдарын азайтууда. 

«Тынчтык үчүн өнөктөштүк» демилгеси программасынын негизинде НАТО өзү менен шайкеш түрдө иштеше турган жана аскердик операцияларда орун ала турган өлкөлөрдүн базасын түзүүдө. Экинчи тараптан да өнөктөш өлкөлөр өз аскердик модеринизация максаттарын аткара алышат. Казакстандын НАТО менен болгон кызматташтыгын өнүктүрүүсү албетте Түркия Республикасы үчүн да абдан маанилүү болуп саналат. Казакстандын НАТО менен кызматташтыгынын деңгээли жогорулаган сайын мындан Казакстан-Түркия карым-катнаштары да оң багытта таасирленет. Бул абал ансыз деле жакшы деңгээлдеги Казакстан-Түркия алакаларынын дагы да бекемделишине өбөлгө түзөт.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 

 

 



Тектеш кабарлар