Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 18

Жакынкы Чыгыш маселеси

494679
Түркия терезесинен  Жакынкы Чыгыш  - 18

Жакынкы Чыгыштын так чектери менен ичинде кайсы мамлекеттердин орун алгандыгы маселеси азыр да талаш тартыш жараткан маселе. Бирок көпчүлүктүн көз карашы Батышта Мароккодон башталып Ирандын чыгыш жагына чейин созулган аймак Жакынкы Чыгыш. Тактап айтканда бүтүндөй Түндүк Африка, Израиль, Иран, Түркия жана Араб жарым аралы болуу менен бардык араб өлкөлөрү. Бирок кээде Пакситан, Афганстан жана Судандын да Жакынкы Чыгыштын ичинде экени боюнча көз караштар ортого чыгууда. Негизинен бул өлкөлөрдүн да кошулушу Жакынкы Чыгыштагы маселелердин сүйлөшүлүүсүнө айырмачылык алып келбейт. Тескерисинче айтылгандарды күчтөндүрө турган өзгөчөлүккө ээ болууда.

Бүгүн Жакынкы Чыгыш дүйнөнүн проблемалуу аймактарынын бири. Балким да эң проблемалуусу. Аймак өлкөлөрүнүн ар бири өз чинде ар башка олуттуу маселелер менен күрөшүүгө мажбур. Кээ бир өлкөлөрдө  мамлекеттер жикчил зомбулукка каршы күрөшүүгө аракет кылууда. Аль Каида жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар белгилүү аймактарды өз көзөмөлүнө алып, ээ болгон аянттарын кеңейтүүгө аракет кылууда. Сирия, Йемен жана Ливияда ачыкча жарандык согуш болууда. Бирок аймакта ийгиликсиз болгон мамлекеттер булар эле эмес.

Бүгүн жарандык согуш болуп жаткан өлкөлөр аркылуу ошол эле учурда башка аймак өлкөлөрү да күч согушун жүргүзүүдө. Сектанттык аймактын эң чоң  жарасы. Көптөгөн өлкөнү ичинен кемирип жеп, аймакта эл аралык карым – катншатарга тескери таасирин тийгизүүдө. Аймак Катар жана Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу дүйнөнүн эң бай 10 өлкөсүнүн арасында орун алгандарды да ичине алууда. Кагылышуу болбогон өлкөлөрдөн Йемен сыяктуу өлкөлөрдө да чоң өлчөмдө жакырдык бар. Эгерде Афганстан, Пакистан жана Суданды да аймак өлкөсү катары санай турган болсок  абал дагы да оордошот.

1900- жылдардын башынан баштап дайыма тышкы кийлигишүүлөргө дуушар болгон  аймак Жакынкы Чыгыш. Бардык өлкөлөрдүн эсеби болгон бир жер. Ансыз да Жакынкы Чыгыштын мааниси аймактын кийлигишүүлөргө дуушар болушунун көрсөткүчү катары ортого чыккан түшүнүк. Колониячыл чоң күчтөр ээлик кылган аянттарын аныктоо аракетинин натыйжасында чыккан түшүнүк. Аймактын картасы да колониячыл күчтөрдүн бөлүшүүсүнүн натыйжасында ортого чыкты. 1920 -  жылдардын башында түздөн түз колонияга алуу эркинин астында болбогон же колониячыл күчтөр менен болгон мамилеси менен ортого чыкпаган эки мамлекет бар: Түркия жана Иран.

Аймактын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бирөөсү да жалпысынан деморкатиялык кемчилик деп  айтылган укуктун үстөмдүгүнүн эч жоктугу же  толугу менен курулбагандыгы. Бир канча абалдын тышында аймакта өзүн көрсөткөн саясий режим түрүнүн авторитаризм экендигинен эч шек жок. Бир канчасында укуктун үстөмдүгүнүн принцип катары кабыл алынганына карабастан аткарууда олуттуу кыйынчылыктардын болгону белгилүү. Авторитаризм жана укуктун үстөмдүгүнүн курулбашы бул өлкөлөрдө чалгындоо, аскер жана полиция менен коопсуздук секторунун алдыга чыгуусун керек кылууда. Бул коопсуздук секторунун да оболу мамлекетти өз калкына каршы коргоого аракет кылганын көрүүдөбүз. Калкына ишенбеген режим өз аймагында башка өлкөлөр менен да ишенимге таянган аймактык кызматташтыкты түзүүсүн күтүүгө болбойт. Аймак ичиндеги актерлордун да дайыма конкуренция жана кагылышуу ичинде болушу да бир стандарт. Ушул себептен да аймак дайыма дүйнөнүн чоң күчтөрүнүн кийлигишүүсүнө ачык.

Жалпы дүйнөдө 2011 – жылдан 2015 – жылга чейин  азаюну көрсөткөн куралданууга карата каржалган акча 2015 -  жылы арткандай көрүнүүдө. Мында Жакынкы Чыгыш аймагынын маанилүү бир үлүшү бар. 87 миллиард долларлык каржоо менен Сауд Аравия 2015 -  жылы дүйнөнүн куралданууга эң көп акча жумшаган үчүнчү өлкөсү болду. Катар 7 миллиард долларлык, Кувейт болсо 8 миллиард долларлык аскердик учак алуу үчүн келишимдерге кол койду. 2014 -  жылы куралданууга 25 миллиард доллар каржаган Бириккен Араб Эмирликтеринин 2015 -  жылы дагы көп акча каржаганында шек жок. 2014- жылы куралдануу үчүн 12 миллирад доллар каржаган Ирак 2015 -  жылы 18 миллирад доллар каржады. 2015 -  жылы Батыш Европа, Америка континенттери жана Африканын куралдануу үчүн каржаган акча азайса Жакынкы Чыгыш аймагынын каржаган акчасы артуу көрсөткөн.

Египет, Иран жана Алжир сыяктуу өлкөлөр да Жакынкы Чыгышта куралданууга олуттуу бюджет бөлгөн өлкөлөрдүн арасында. Бирок Жакынкы Чыгыштын дагы көп куралга эмес, тынчтыкка муктаждыгы бар. Тынчтык  бири бирине карата ишеним жана кызматташтыктан жаралат. Кызматташтыктын  болбошу болсо аймакта тыштан кийлигишүүлөрдү дайыма жаратууда. Кийлигишүүлөрдөн кутула албаган аймак күн өткөн сайын жаңы бир мамлекетти ийгиликсиз кылууда. Мунун акырында да жарандык согуш чындыгы ортого чыгууда.

Өз коомуна ишенбеген жана коомдук келишим негиз болгон туруктуу укук мамлекетин түзө албаган мамлекеттердин бир бирине ишениши да абдан кыйын. Өз коомунан корккон режимдер жарандарын текшерүүгө алып жатып коңшу өлкөлөр менен жаңыдан маселелерди жашап жатат жана муну күчтөрүн бекемдөө үчүн колдонууда. Себеби, дайыма араздашуулар болуп  турган чөйрө мунун эң жакшы жолу. Бүгүн Жакынкы Чыгышта  баарыдан мурда ар бир өлкө базасында жана жалпы аймакта укуктун үстөмдүгүнүн курулушу керек.



Тектеш кабарлар