Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 17

Иран үчүн Түркия менен экономикалык карым – катнаштардын мааниси

490793
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 17

Ирандын президенти Хасан Рухани Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитине катышты жана андан кийин Анкарада расмий жолугушууларды өткөрдү. Негизинен Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити үчүн  Түркияга келбей турганы боюнча ыктымалы да бар эле. Себеби саммиттин жыйынтык билдирүүсүндө  Иран үчүн тескери сөздөрдүн орун алары болжолдолуп жаткан. Бирок Иран башкаруусу бул багытта күтүүлөрүнүн болгонуна карабастан конференцияга катышуу чечимин чыгарды. Бул чечим өздөрү үчүн эң аз эки мүмкүнчүлүктү түзмөк. Биринчиси жыйынтык билдирүүсүнө нааразычылыктарын билдирмек. Экинчи болуп ислам дүйнөсүнөн четтетилгени боюнча имидждин жаралуусуна бөгөт болушмак.

Жыйынтык билдирүүсү  Ирандын болжолдогонундай болду. Иран түздөн түз жана Хизбуллах уюмуна берген колдоодон улам айыпталды. Мында Сауд Аравиянын ролу болду. Бирок Ирандын Сириядагы Асад режимине берген колдоо да бул чечимге себеп болду. Сирияда улантылып жаткан согуштун активдүү элементи болгон, борбору Ливан болгон Хизбуллахтын да бул согушта Ирандын таасири менен орун алганы билинүүдө. Мына ушул согуш жол ачкан  чыгым жана миңдеген кишинин өлүмү, Сириядагы Асад режимине колдоо берген Иран менен Хизбуллахтын ислам дүйнөсүнүн чоң бөлүгүндө  кадыр – баркын жоготуусуна себеп болду.  Мындай айыптоочу тил жалпысынан Ислам Кызматташытк Уюмунун жыйынтык билдирүүсүндө орун алган эмес. Сирия киризиси жана аймакта жайылган суук согуш конференциянын жыйынтык билдирүүсүнө да чагылдырылган болду. Албетте бул абал Иран тарабынан жактырылган жок. Бирок бул абал Ирандын президенти Руханинин прагматикалык жана сүйлөшүүчү кыймыл кылуусуна бөгөт болгон жок. Рухани Анкарада расмий сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. 2011 -  жылдын ортолорунан бери Сирия кризиси Түркия менен Ирандын карым – катнаштарына тескери таасирин тийгизсе да 2013 -  жылына чейин маселе чоңойгон эмес. Мезгилдин премьер – министри Р. Т. Эрдоган сапарында ыраазычылыгын : «Тегеранда өзүмдү өз үйүмдө сыяктуу сезип жатам»,- деп билдирген.  Андан мурда премьер – министр Ахмет Давутоглунун Иран сапарына байланыштуу программасында белгиленгендей Сирия маселесинин чечилүүсүндө АКШ менен Орусиянын инциативди моюнга алуулары Иран менен Түркиянын тынчын алган. Аймак мамлекеттеринин аймак тышы эки чоң күч тарабынан аймактык маселелердин тышында калтыруу абалы ортого чыккан.

Орусиянын активдүү роль алуусу жана Иран менен кеңешпестен бир канча айдан кийин аскердик күчүн азайтууга аракет кылуусу, өзү курган оюнда Иранга образ берүү сыяктуу көрүнүштү ортого салып жаткан. Түркия да ушуга окшогон бир мамилени ПЙД менен болгон карым – катнашынын негизинде АКШ менен жашады. Айрыкча Түркия Сирия кризисинин башынан бери союздашы тарабынан жетеринче колдоого алынбаганын ойлоп жаткан.

Бирок Иран үчүн каралганда Түркияга карата жакындашуунун ички себептеринин болгондугун да белгилөөбүз керек. Иранга карата эл аралык санкциялардын  жоюлганына карабастан мунун оң таасирлери азырынча Иран калкына чагыла элек. Бир топ убакытты алат. Энергия бааларынын төмөндүгү бул оор таасирдин кыска убакытта жок болбой тургандыгын көрсөтүүдө. Бул үчүн да Иран экономикалык өнүгүүнү баштаган саясатты жүргүзүүнү каалап жатат. Бул саясаттын ичинде да аймак өлкөлөрү менен бири бирине көз каранды болгон экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүгүн издөөдө. Ушунун негизинде Ирандын Түркия жана Пакистан менен болгон карым – катнаштары өзүнчө мааниге ээ болууда. Сирия жана Ирак бул жактан каралганда Иран үчүн туура жол эмес. Сирияга караганда жакшы абалда болсо да  көптөгөн саясий жана экономикалык маселе менен күрөшүп жаткан Ирак да соода жана экономикалык жактан аймактык кызматташтык жактан күчтүү альтернативди түзүүдө. Айрыкча ДЕАШ коркунучу мурункусуна караганда жеңилдөө менен бирге Иракта жаңы саясий маселелер чыгышы мүмкүн жана булардын баарын кыска убакыттын ичинде ашып өтүүсү мүмкүн эмес. Израиль жана араб өлкөлөрү менен да карым – катнаштары начар болгон Ирандын аймакта жана экономикалык, соода кызматташтыгынын негизинде Түркия менен карым – катнаштарын өнүктүрүүсү реалдуу жол болот. Батыштык фирмалар Иран менен карым - катнаштарын өнүктүрүүнү каалаганына карабастан  АКШнын да каршы чыгуусун каалабайт. Ушул себеп менен карым – катнаштарын акырындык менен жүргүзүүсү керек. Ушул жактан каралганда Түркия Иран үчүн маанисин эч жоготкон жок.

Премьер – министр Ахмет Давутоглунун акыркы Иран сапары да көрсөткөндөй түрк өкмөтү Тегеранды аймактагы тең салмактуулуктун жана ырааттуулуктун бир элементи катары көрүүдө. Түркиянын Сауд Аравия менен карым – катнаштарын өнүктүрүп жаткан бир мезгилде Иранды толугу менен четке какпашы Рухани башкаруусуна жаңы бир бет ачуу үчүн да чоң бир мүмкүнчүлүк.

Түркия менен карым – катнаштарды өнүктүрүүнү каалоосу Иран ички саясаты жактан Руханиге кээ бир кыйынчылыктарды жаратуу ыктымалы ар дайым бар. Түркия менен жакшы мамилелерди куруу ар бир өлкө үчүн болгондой  Иран үчүн да абдан чоң түшүм болот.



Тектеш кабарлар