Түркия жана дүйнө күн тартиби - 143

Сирия маселесинде АКШ – Орусия талаш – тартышы

354065
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 143

Акыркы күндөрдө эл аралык медиада чыккан кабарларда АКШ жана Орусиянын Сирия тууралуу олуттуу бир кыймылдуулук ичинде экени көрүнүүдө. Орусия Асад режимине аскердик жардамын дагы да көбөйтө баштады. Тартуш портуна кошумча катары жаңы бир аскердик аэропортун курууда; аскердик материал жактан жардам берип, кеңешүү үчүн аскердик кызматкерлерди жиберүүдө. Андан да маанилүүсү Путин, Лавров жана башка орус жетекчилер Орусиянын Асадга жардам берүүнү улантышарын жарыялап жатышат. Буга каршы Обама Орусиянын кыймылдарынын коркунучтуу экенин, араздашууларды күч алдырарын жана ийгиликсиз боло турган кыймыл экенин айтууда. Ошол эле учурда Обаманын да Асад режимин кулатуу үчүн оппозициячылдарды аскердик машыктырып жана материалдык жардам бергенин белгилөө керек. Бул бир канча кабар көрсөткөндөй АКШ жана Орусиянын Сирия тууралуу талаш - тартышы кызып баратат. Бул талаш – тартыш албетте жаңы эмес жана канчалык созулган сайын Сирия окуясы улантыла тургандай көрүнүүдө.

Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

2011 – жылы башталган жана барган сайын тереңдеген Сириядагы жарандык согуш бир караганда улуттук жана аймактык маселе сыяктуу көрүнсө да негизинен глобалдык саясат окуясы. Жарандык согуш биринчи этапта Асад режими менен оппозициячылдардын ортосунда башталган; андан кийин аймак өлкөлөрүн, тактап айтканда бир тараптан Сауд Арабстан, Түркия жана Катардын бир тараптан Иран, Ирак жана Хизбуллахтын катышуусу менен кеңейди. Бирок чоң картинага караганда дүйнөнүн чоң күчтөрү өзгөчө АКШ жана Орусия бар. Албетте Англия, Франция, Кытай сыяктуу БУУнун күчтөрү, ал түгүл тарыхый ролдорунан улам Англия менен Францияны унутпоо керек. Бирок АКШ жана Орусиянын башынан бери ачкыч роль ойногону көрүнүүдө, мунун да тескери салым кошконун белгилөө керек. Ал түгүл маселенин бул жерге келүүсүндө АКШ – Орусия талаш – тартышынын негизги роль ойногону айтыла алат. Бул айтылган сөздүн себеби супер күч болгон бул эки мамлекеттин маселенин чечилүүсү үчүн чечкиндүү саясат жүргүзбөгөнүндө. АКШ менен Орусия түздөн түз кыймыл жолу менен же БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жолуна бөгөт болушкан. АКШ жана союздаштары аскердик оппозицияга курал берип колдоп, Орусия жана союздашы Иран да Асадды аскердик, финансылык жана саясий жактан колдогон. Бул жардам тараптардын бирөөсүнүн бирөөсүн жеңүүсүнө бөгөт болгон. Ушундайча пайда болгон тең салмактуулук согушту тереңдетип, Сирия шаарлары талкаланды, жүз миңдеген киши каза болду жана миллиондогон качкын ортого чыкты. Бир тараптан АКШ жана Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде маселени чечүү тууралуу бардык чечим долбоорлорун вето кылышкан. Мунун айынан эл аралык коом Сирияга карата таасирдүү саясат жүргүзө албастан согушту токтото алган эмес.
АКШ – Орусия талаш - тартышы Сирияда жарандык согуштарды тереңдеткен болсо, бул согушка чечүүчү жолду табуу да бул эки өлкөнүн түзө турган келишимине караштуу. Бул тууралуу олуттуу белгилер бар. Булардын биринчиси Иран атомдук келишими. АКШ жана Орусиянын башка P5+1 өлкөлөрү менен бул маселеге чечүүчү жол табуулары, Сирия тууралуу үмүт жаратууда. Күтүлгөн P5+1лердин Сирия үчүн да бир келишим түзүүсү керек. Экинчиси Путин жана Обаманын билдирүүлөрүнүн арасында орун алган сөздөр. Мисалы Путиндин : «Асаддын альтернатив көрсөтүлө албай жатат» деген сөзүнүн арасында «Эгерде Асаддын ордуна альтернатив бир башкаруу түзүлө турган болсо Асадсыз бир Сирия курула алат» деген кабар бар. Бул жерде үчүнчү белги да АКШ жана Орусиянын ИШИМ жана башка террордук уюмдарга каршы кызматташтык ичинде болушу. АКШ менен Орусия ИШИМ террордук уюмуна каршы курула турган Асадсыз жаңы бир Сирия башкаруусун кабыл ала алат. Мунун жолу да Асад оппозициячылдарынын жана аны колдогон өлкөлөрдүн ИШИМди четке кагып күчтүү бир альтернатив сунуусу болушу мүмкүн. Бул процессте оппозициячылдар менен Асадга каршы өлкөлөрдүн ИШИМсиз бир башкаруу түзүүлөрү керек.
Бул жерде милдет АКШ жана Орусиянын тышындагы өлкөлөргө түшүп жатат. Оболу аймактагы өлкөлөрдүн, тактап айтканда Сауд Арабстан, Түркия, Катар жана ал түгүл Ирандын, бирок ошол эле учурда Германия, Франция жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн кызматташтык түзүүлөрү керек. Бул багытта олуттуу белгилер да жок эмес: мисалы Германия жана кытайдын маселени чечүү боюнча демилгелеринин бар экени, БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын бардык тараптар менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөнү билинүүдө. Эң негизгиси да Мистуранын БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштаган тынчтык планынын 17 - августта добуш бирдиги менен кабыл алынуусу.
Жыйынтык катары Сирия жарандык согушунан ортого чыккан нерсе бул Сирия маселесинин башталышында болбосо да чечиле албашында АКШ менен Орусия талаш - тартышы белгилөөчү роль ойноодо. Маңызы жактан бул эки өлкө бөгөт болуп жаткан маселенин чечилүүсү оболу бул өлкөлөрдүн Иран келишимине окшогон келишим түзүүсүнө байланыштуу. Бирок, бул процесстеги башка актерлордун ролу да унутулбашы керек. Бул актерлор чыгара турган формула Асадсыз Сириянын курулушунун жолун ачат. Эгерде бул ийгиликсиз боло турган болсо, Асад болгон жарандык согуштун улантылары да тилекке каршы качылгыс көрүнүүдө.

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар