Түркия жана дүйнө күн тартиби - 128

Мусулман өлкөлөрдө демократия маселелери

311444
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 128

Мусулман өлкөлөрдүн демократия үлгүсү болгон Түркияда 2015 - жыл 7 - июнда көп партиялуу парламент шайлоосу өткөрүлдү. Калкынын 99 пайызы мусулман болгон түрк калкы тектери 19 - кылымдагы осмондук мезгилине таянган бир демократия тажрыйбасына ээ. Түркияда өкмөттөр калктын тандоосу менен түзүлөт жана алмашат. Батыштык демократияда болгондой шайлоодо ондон ашуун ар башка көз караштагы саясий партия жарышууда, үгүттөр жүргүзүлүп, медиа каналы менен пропаганда жүргүзүлөт жана акырында шайлоочуларды канааттандырган өкүлдөр башкарууга келет.
Булар батыштык демократиялык өлкөлөр үчүн маанисиз нерселер сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок 1,5 миллиарддан ашуун калкка ээ болгон мусулман өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. Демократия мусулман дүйнөсүнүн баарында эле бар эмес. Азчылык болгон бир канча мисалдардын арасында орун алган Түркиянын демократиялык тажрыйбасын эң эскиси жана өнүккөнү деп айтууга болот.
Албетте Түркияда демократиянын кемчиликсиз экени айтыла албайт. Аскердик зомбулуктар 4 жолу калк шайлаган парламенттер же өкмөттөрдү кулатып жана ордуна миллитарист өкмөттөрдү, мыйзамдар менен режимдерди курган. Акыркы жылдарга чейин демократиянын эң негизги элементтери болгон ой эркиндиги, адам укуктары, жарандык коом иш чараларына бөгөт коюлуп же чектелген. Бирок өткөн он жылдын ичиндеги төңкөрүштүк абалдар, бул демократиялык маселелерди чоң өлчөмдө азайткан. Мисалы 2014 – 2015 - жылдарда болгон үч чоң шайлоодо аскерлердин эч бир кийлигишүүсү болгон эмес, бири бирине толугу менен атаандаш болгон саясий партиялар шайлоолордо жарышып, ар башка көз караштагы медиа эркин түрдө ишин аткарып, жарандык коом уюмдары каалаган партияларга же көз караштарга колдоо беришкен. Бул бардык шайлоо процессинде ортого чыккан жыйынтык демократиялык тандалган жол болгон, ошондой эле демократиялык режимдерде болгондой башкаруучуларды калктын эркин чечими шайлаган.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Негизинен көптөгөн ислам өлкөсүндө шайлоолор өткөрүлүүдө, шайлоо жолу менен парламенттер түзүлүп, өкмөттөр курулууда, ал түгүл көп партиялуулук бар. Мисалы Пакистан, Индонезия, Иран, Малайзия, Бангладеш жана бир топ ислам өлкөлөрүндө демократиянын негизги элементтери болгон мекемелер, эрежелер, процесстер жана актерлор орун алууда. Бул өлкөлөрдүн дээрлик баарында демократия түшүнүгүндө символдук да болсо бир мааниси бар. Бирок кээ бир ислам өлкөлөрүндө болсо демократиялык мекеме жана эрежелер жок. Мисалы Басра булуңундагы өлкөлөр королдуктар же шейхтер тарабынан башкарылып, башкаруу бир шайлоо процессинде жана шайлоочулар тарабынан белгиленүүдө. Бул өлкөлөр өздөрүнө таандык башкаруу системаларына ээ. Бул мисалдардын баары ар башка деңгээлде болсо да ислам өлкөлөрүнүн абдан олуттуу маселелеринин бар экени көрүнүүдө. Түрк демократиясында көптөгөн өлкөгө караганда абдан жакшы болсо да ишке ашырууда кээ бир маселелердин бар экени белгилүү. Мисалы Түркия жана ислам өлкөлөрүнүн негизинде жазылган илимий адабиятта бул маселелерден сөз болууда. Бул маселелердин тизмеси түзүлө турган болсо, демократиянын негизги өзгөчөлүгү болгон 4 – 5 темада чыккан кыйынчылыктардын бар экени айтыла алат: жарандык башкаруу, жарандык коом мекемелери жана иш чаралары ой эркиндиги, дүйнөлүк же заманбап конституция, укуктун үстөмдүгү, адилеттүү же тең укуктуу жарышуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу. Мусулман өлкөлөрдөгү демократия маселелеринин себептерин; тарыхый жана саясий факторлордо, исламга карата ар кандай анализдердин жасалуусунан чыккан түшүнүк жана ишке ашыруулардан табууга болот.
Мусулман өлкөлөрдө демократия маселесинин биринчи себеби бул өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө таасирдүү болгон колониячыл жана империалисттик мурас. 20 - кылымдын башында батыштык өлкөлөр курган режимдер, жалпысынан авторитардык, тоталитардык жана милитарист өзгөчөлүктөргө ээ. Бул процессте курулган бир партиялуу же бир кишинин башкруусу, бийликтин демократиялык башкаруусуна уруксат бербейт. Булардын эң негизги мисалын бул күндөрдө Египеттен көрүүдөбүз. Калктын добуштары менен шайланган жана Египетте демократиялашуу мүмкүнчүлүгүн жараткан Мухаммед Мурси башкаруусу аскердик бир зомбулук менен кулатылып жана аскердик бир башкаруу курулган. Ошол эле учурда дагы да кызыктуу нерсе Сиси башкаруусунун батыштык демократиялык өлкөлөр тарабынан сынга алынгандыгы. Башка дагы бир мисалдары болгон мындай демократия тышы ишке ашыруулар мусулман өлкөлөрдүн демократияга өтүүсүндөгү эң олуттуу бөгөттөрдүн бири. Экинчиси мусулман өлкөлөрдө демократия жана эркиндиктердин негизинде тескери анализдер же түшүнүктөр бар. Исламдын түрдүүчө анализденүүсүнөн чыккан кээ бир түшүнүктөр жарандык коом, ой эркиндиги, адам укуктары сыяктуу демократиялык элементтерге бөгөт коюлууда же чектелүүдө. Бул проблеманын бир мисалы акыркы жылдарда ортого чыккан ИШИМ сыяктуу уюмдардын айтымдарында ачыкча көрүнүүдө. Мындай анализдердин себеби менен мусулман өлкөлөрдө демократия маданияты өнүккөн эмес же өнүктүрүлбөй жатат. Балким Түркиянын башка ислам өлкөлөрүнөн айырмачылыгы ушул жерде. Түркия 19 - кылымдагы Осмон мамлекетинен бери башта конституционализм, эркин шайлоо, көпчүлүк саясий партиялар болуу менен бир топ демократия мекемесин жактырып жана өнүктүргөн. Бул жерде Түркиянын бул кылымдан баштап батышташууга ачык өлкө экенин да баса белгилөө керек. Ошондой эле Түркиянын Европа Кеңеши, Европа Биримдиги жана бир канча НАТО мүчөлөрүнүн демократия үчүн негизги фаторлор экенине да ыктымал бербөө керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор рамазан Гөзендин мусулман өлкөлөрдө демократия маселеси тууралуу пикири.




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар