Түркия жана дүйнө күн тартиби - 127

Дүйнө саясатында күч жоготуу

299860
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 127

Дүйнө саясаты 7 миллиарддан ашуун киши, 200 мамлекет жана он миңдеген жарандык коом уюмунун дүйнөлүк масштабда жүргүзгөн көп тараптуу саясий иш чараларды билдирет. Бирок бул саясат бардык бул элементтердин бирдей катышуучу менен эмес, булардын арасында алдыга чыккан глобалдык жана аймактык мамлекеттердин таасири менен форма алат. Дүйнөдөгү окуялардын жана абалдардын баары болбосо да көпчүлүгүнүн пайда болушунда чоң мамлекеттер негизги ролду ойнойт. Эл аралык карым – катнаштар өзүнөн өзү жана чоң актерлордун ар башка методдору менен жүргүзгөн кийлигишүүлөрү, кагылышуулары же кызматташтыктарынын натыйжасында пайда болот. Бул процесстин маңызында чоң күчтөрдүн арасы кээде кызматташтык кээде да кагылышуу түрүндө көрүнгөн кийлигишүүлөр жатат. Чоң күчтөрдүн арасындагы кийлигишүүлөр көпчүлүк учурда түздөн түз беттешүү түрүндө эмес, бул күчтөр таасирдүү болгон аймактарда жана дүйнө масштабында ишке ашат. Башка бир сөз менен айтканда чоң күчтөр, үстөмдүк жана күч күрөшүн орчундуу аймактарда жана союздаштарынын арачылыгы менен жүргүзүшөт. Дүйнө саясатындагы бул процесстер көпчүлүк учурда так жана ачык түрдө көрүлө албайт. Бул маселеде адистик аракеттер керек. Муну университеттерде же жарандык коом мекемелериндеги эл аралык карым – катнаштардын мугалимдери жана адистери аткарат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Бүгүн дүйнө саясатынын эң орчундуу темасы : Европа, Африка жана Азия континеттери кесилишкен Украина жана Сирия маселелеринин алкагында көрүлгөн төрт чоң мамлекеттин ортосундагы күч жоготуу. Украина жана Сирия киризистери АКШ жана Европа Биримдиги күчүнүн таасирин жоготконун, ушуга карабастан Орусиянын жана Кытайдын башкача айтканда Чыгыштын дагы таасирдүү болгонун көрсөтүүдө. Орусиянын Крымды Украинадан бөлүүсү жана аннекция кылуусу, башка тараптан Сирияда бардык аракеттерге карабастан Асаддын кулатыла албашы, АКШ менен Европа Биримдигине олуттуу сокку болду. Батыштын Украинада жана Сирияда бийлик алмаштыруу менен бул өлкөлөрдү Европага тактап айтканда Батыш системасына интеграциялоо операциялары ушул кезге чейин ийгиликсиз болду. Тескерисинен карай турган болсок бул операциялар азырынча Орусиянын ийгилиги менен улантылууда.
Бул күрөштүн тескери жыйынтыктары бир гана чоң күчтөр жана алар менен кызматташтык түзгөн мамлекеттерди эле эмес, ошол эле учурда Европаны, Жакынкы Чыгышты жана жалпы дүйнө системасын тереңден таасирлентүүдө. Дүйнө саясатында улантылып жаткан абал бул аймактарды жана дүйнөнү ыраатсыздыкка жетелөөдө. Украинага байланыштуу термелүү Европа Биримдигин, Сирияга байланыштуу термелүү болсо Жакынкы Чыгыш жана ислам дүйнөсүн термелтүүдө. Бир убактар Европа аймагына форма берүүнү ойлогон Европа Биримдиги эми олуттуу бир кризистин ичине кирген. Европа Биримдиги, Европа тегерегиндеги таасирин жоготуусу менен бирге саясий бүтүндөшүү, энергетика жана экономика кризиси менен бетме – бет келип турат. Европа Биримдиги коңшулары жана жакынкы аймактардагы таасирин чоң өлкчөмдө жоготту. Грецияда башталган жана эгерде чечүүчү жол табыла албаса Испания сыяктуу өлкөлөргө да жайыла турган экономикалык кризис, Европа Биримдигин тарайткан. Бир убактар тегерегиндеги аймактарды башкарууга аракет кылган Европа Биримдиги эми тегерегиндеги аймактардан келген маселелердин кысымы астында. Буга акыркы айларда Жер Ортолук деңиз аркылуу келген көчмөн агымынын алдындагы чаарасыздыкты да кошуу керек.
Европалыктар бир тараптан Европада күч жоготуп жаткан болсо бир тараптан да АКШ менен бирге Сирия жана бардык Жакынкы Чыгышта дагы олуттуу бир күч эрозиясы менен бетме - бет келип турат. Сирияда Асад башкаруусунун кулатылбашы аймактагы хаос чөйрөсүн жайылткан. ИШИМ жана Аль Каида сыяктуу уюмдар булактары жана колдоочулары ким болсо болсун бир гана аймакка эмес, ошол эле учурда Батыш өлкөлөрүнө жана баалуулуктарына да каршы чыгууда. Бул уюмдар батыштын айдыңдашуу баалуулуктарына жана кылымдардан бери жактап келген саясаттарга зыянын тийгизүүдө.
Европа Биримдиги жана АКШнын жол башчылыгындагы Батыштын Жакынкы Чыгышта күч жоготуусунун үч себеби бар. Биринчиси АКШ жана Европа Биримдиги, араб жазы менен башталган демократиялашуу, жарандашуу жана эркин болуу процессин уланта албастан жана ал түгүл бул жердеги таасирин жоготкон эмес. Ливия, Египет, Сирия жана Иракта батыш жактаган баалуулуктар жок кылынган, бирок батыштык өлкөлөр эч нерсе көрсөткөн эмес. Экинчиси медиада жана саясий тармакта кээ бирлеринин айтымына караганда ИШИМ сыяктуу уюмдар түздөн түз же кыйыр түрдө батыштык өлкөлөрдөн колдоо көрүүдө. Бул ойлор жаңылыш болсо да күн тартибинде болушу жана батыштык өлкөлөрдүн имиджин жабууга жетип жатат. Үчүнчүсү АКШ жана европалыктардын жол башчылыгында курулган БУУ мындай орчундуу мезгилде толугу менен таасирсиз абалга келген. АКШ Англия жана Франциянын БУУнун ичинде же тышында Орусия жана Кытайга каршы эч кандай нерсе көрсөтө албашы дүйнө саясатындагы күч жоготуу ачыкча көрсөтүүдө. Бул күч жоготуу процессин токтотуу же артка кайтаруу үчүн кээ бир демилгелер да жок эмес. Нефть бааларындагы ылдам төмөндөө, Орусиянын экономикалык тараюусуна жол ачып, күч саясаттарына тескери чагылуусу ыктымалы бар. Бирок Орусиянын экономикалык тараюсунун анын Украина жана Сирия саясаттарында өзгөрүүлөрдү жаратуусу кыска жана орто мөөнөттө экени так эмес. Айрыкча азыр да күчтүү экономикасы болгон Кытайдын Орусиянын экономикалык кыйынчылыктарынын чечилүүсүнө жардам берүү ыктымалы бар.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин дүйнө саясатында күч жоготуу тууралуу пикирин уктуңуздар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар