Түркия жана дүйнө күн тартиби - 126

Дүйнө маселеси ДАИШ – ИШИМ

300554
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 126

Дүйнө жана адамзат Ирак Дамаск Ислам мамлекети деген ат менен 2 жылдан бери күн тартибинде болгон бир уюм менен бетме – бет келип турат. ДАИШ же ИШИМ же ИСИСтин апааттары менен жараткан маселелерин билбеген киши жок. Мисалы өзүнөн башкаларды кааптыр деп аныктоосу, бул кишилердин баштарын камера астында кесүүсү, мечиттерди жана башка ыдабатканаларды бомбалоосу, байыркы мезгилдин чыгармаларын кулатуусу, күнөөсүз жарандарга кол салуусу сыяктуу. Эң акыркы кыймыл болсо Сирияда ЮНЕСКОнун тарыхый мурас катары коргогон Палмира шаарын колго алуусу болду.
ИШИМ бир гана өзүн аныктаган исламдык баалуулуктарга жана мусулман дүйнөгө эмес, ошол эле учурда бардык адамзат үчүн олуттууу бир коркунуч. ИШИМ мезгилибиздин адамзаттык проблемасы. Кылмыш кыймылдары жактан жана булактары жактан бир гана Жакынкы Чыгышты жана мусулман дүйнөнү эмес ошол эле учурда бардык адамзаттыкты жакындан кызыктырууда.
ИШИМдин Париж, Вашингтон, Лондондогу кол салууларынын, адамдарды канкорчо өлтүрүлүшүнүн жана Палмира сыяктуу мурастарды кулатуусу дүйнөнү кызыктырбаганы айтыла алабы? ИШИМ жана идеологиясынын Жакынкы Чыгышта бийликтин түзүлүшүнүн бир гана ислам өлкөлөрүн жана ислам динин кызыктырганы айтыла алабы? ИШИМ кыргындары жана адам укуктарын бузуу, айдыңдашуу жана цивилизация баалуулуктарын жактаган уюмдардын жана өлкөлөр кызыккан тарматардын тышындабы? Андан да маанилүүсү ИШИМдин адам булагынын маанилүү бир бөлүгүнүн Англия, Франция, АКШ, Германия, Орусия жана буга окшогон өлкөлөрдүн жарандары болушу, бул өлкөлөрдүн жоопкерчилик жана ролун көрсөтпөйбү? Булар жана башка көптөгөн маселелер ИШИМ террордук уюмунун бүткүл дүйнөнүн орток же коллективдик бир маселе экенин көрсөтүүдө.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
ИШИМ тууралуу негизги маселе мусулман коомдордун келечекте кандай форма алары жана дүйнөдө кандай роль ойной турганы маселеси. Ислам менен байланыштырылган ИШИМдин ийгиликтүү болушу менен дүйнөнү кандай келечектин күтүп жатканы. Албетте дүйнөдөгү 1 жарым миллиардан ашуун мусулан ИШИМ сыяктуу ойлонбойт жана жашабайт. ИШИМдин кыймылдары жана оюнун исламга жүктөлүүсү мүмкүн эмес. Бирок ошол эле адам денесиндеги кичинекей бир микроп же вирус жок кылынбаса дененин баарына жайылгандай ИШИМ жок болбосо ислам коомдоруна жайылат. Өзгөчө аймактагы жана дүйнөдөгү социо - экономикалык жактан проблемалуу жаштар, жаңылыш маалыматтар берилгендер, ИШИМди «маселелерге кыска жолдон таасирдүү чечүүчү жол альтернативи» деп карала алат. ИШИМдин шаарларды колго алуусун ийгилик жана жеңиш катары пропаганда кылуусу, ушул сыяктуу кыймылдары менен жаштарды уюмга дагы көп тарта алат. Эгерде бул абалга бөгөт болбосо аймактагы жана дүйнөдөгү мусулмандарды жаңылыш медиа жана чалгындоо каналдары менен коркунучтуу абалга түшүрүшү мүмкүн.
Мындай абалдарды адамзаттык 1920 – 30 - жылдарда да жашады. Бул мезгилде ортого чыккан национал-социализм жана фашизм идеологиясы бөгөт боло албаганы үчүн Германия, Италия жана Европада вирус сыяктуу жайылган. Национал – социализм да ИШИМ сыяктуу өз идеологиясы тышындагыларды кабыл албайт жана эгерде жок кыла албаса текшерүү астына алууга аракет кылып жаткан. Гитлердик Греманиянын кандай расист – экспансионизмдик кылганы жана процессте еврейлер да болуу менен миллиндогон адамды өлтүргөнүн абдан жакшы билебиз. Буга окшогондордун Муссолини Италиясы жана Сталин мезгилиндеги Советтер союзу тарабынан ишке ашканын да билебиз жана бул вирус жайылып жатканда мезгилдин чоң күчтөрүнүн тең салмактуулук жана пайда эсеби менен кыймыл кылышканы жана вирусту көрбөстүккө салышкандары белгилүү. Вирустун эң акырында Экинчи дүйнөлүк согушуна жол ачып бүткүл дүйнөнү жыкканын да..
Ушуга окшогон тең салмактуулук оюнунун ИШИМдин негизинде ойнолгонун, чоң мамлекеттердин же адам укуктары уюмдарынын ИШИМ вирусун көрбөстүккө салганын айта алабыз. Ирак менен Сириянын ортосундагы эл аралык чектин ИШИМ тарабынан ачыкча бузулганына карабастан БУУнун Коопсуздук Кеңеши БУУ келишиминин 2 - беренесинин 7 - пунктунун өкүмүн орундаткан эмес. Эки жылдан бери улантылып келген ИШИМ кол салуулары Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү тарабынан көрбөстүккө салынгандай эле, аймак өлкөлөрү да жетеринче алектене албай жатат. Президент Обаманын ИШИМ менен күрөшүү стратегиясынын болсо ушул кезге чейин бир жыйынтык бергени айтыла албайт. Мунун негизги себеби араб жазы жана андан кийин аймакта жогорулаган сунни – шиит күч күрөшү жана ушуга карата тең салмактуулук оюндары. Бул оюндун негизги актеру Сауд Арабстан жана Иран болсо да чоң күчтөрдүн таасиринен алыс эмес экени билинет. Сауд Арабстанды колдогондордун арасында АКШ, Англия, Франция Иранга колдогондордун арасында болсо Орусия жана Кытайдын бар экени абдан ачык. Албетте бул өлкөлөрдүн эч бири ИШИМ жана кыймылдарын расмий түрдө колдобогондуктан түздөн түз жооптуу экени айтыла албайт. Ошондой эле Гитлердин жана Муссолининин фашист идеологиясынан мезгилдин мамлекеттеринин жооптуу болбогонундай. Бирок ошондой эле ал мезгилде болгондой, азыркы күндүн аймак жана дүйнө күчтөрү да ИШИМди токтото турган деңгээлде чара көрүшпөгөнү үчүн жооптуу. Бир түрк макалында : «Мага тийишпеген жылан миң жашасын» деп айтылгандай ИШИМ вирусунун орточо жана узун мөөнөттө бардык жерге жайылуусуна жол ачышы мүмкүн. Эл аралык тең салмактуулук оюну бүткүл дүйнө тең салмактуулугун буза алат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими Рамазан Гөзендин дүйнө маселеси ДАИШ тууралуу икирин уктуңуздар.




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар