Түркия жана дүйнө күн тартиби - 123

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы шайлоо жана андан кийинки мезгил

267312
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 123

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 2015 – жылы 19 – 26 - апрель күндөрү 7 талапкер катышкан жана эки тур өткөрүлгөн шайлоо болду. 1 - турда эң көп добуш алган Дервиш Эроглу менен Мустафа Акынжы жарышкан 2 - турда добуштардын 60, 5 пайызын алган Акынжы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 7 - президенти болду. Шайлоо жыйынтыгы жана андан кийинки абалдар Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана арал үчүн жаңы бир мезгилдин башталары тууралуу белгилерди берди. Биринчи белги Аныкжынын саясий тажрыйбасы жана ойлору болсо, экинчи белги шайлоо процесси жана андан кийин жасаган билдирүүлөрү. Акынжы жана көптөгөн жылдар лидерлигин аткарган Коомчул Боштондук/ Демократ партиясынын саясий көз караштарынын салттык Түндүк Кипр Түрк Республикасынын лидерлигинен башка бир тонго ээ экени көрүнүүдө. Албетте президент Акынжынын өзүнө таандык көз караштары же проектилери бар. Бул көз караштарын Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын дагы жакшы абалга келиши үчүн пайдаланууну каалашы, тартышылгыс бир демократиялык абал. Акынжынын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын улуттук жана эл аралык маселелеринин чечилүүсү үчүн жаңы бир жол жана методду ишке ашыруусу да ылайыктуу жана түшүнүктүү болушу мүмкүн. Ар бир демократиялык өлкөдө болгондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын калкы да жогорку добуш менен шайлаган Акынжыдан убадаларын аткаруусун жана ийгиликтүү болушун күтөт. Бирок бул жерде суралуусу керек болгон негизги бир суроо бар. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негизги максаты эмне жана мында ийгиликтүү болунуун жана жана ыкмасы эмне?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү. 
Бул суроонун максаты абдан жөкөй, бирок жолу - ыкмасы бир аз кыйын. Максат кипрдик түрктөрдүн аралда бейкуттук, коопсуздук, тынчтык ичинде жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүү. 1950 - жылдарда башталган процессте роль ойногон аралдагы түрк лидерлер жана алардын негизги колдоочусу болгон Анкара бул темада 100 пайыз бирдей көз карашта. Бирок бул максатта канчалык ийгиликтүү болору тууралуу ар башка көз караш жана ыкмалар болгон. 1950 - жылдардан азыркы күнгө каралганда Лефкоша жана Анкаранын бул максатка жетүү үчүн эки методду ишке ашырганы көрүнөт. Биринчиси 1960 - жылы Түркия, Греция жана Лондондун гарантерлугунда курулган Кипр республикасы бул моделде түрктөр жана румдар жанаша жашаган. Бирок бул модель 1963 - жылы бузулган, кипрдик румдар аралдын башкаруусун өздөрүнө алууну каалашкан. Ушул боюнча арадан өткөн ошончо баш – аламан жана кыйын 20 жылдын акырында 1983 - жылы көз карандысыз Түндүк Кипр Түрк Республикасы модели ортого чыкты. Бир гана Анкара колдогон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын моделинде кипрдик түрктөр аралдын түндүгүнө жайгашып, румдардан толугу менен көз карандызыс болот. Түндүк Кипр Түрк Республикасы модели аралдагы түрктөрдүн коопсуздугуна мүмкүнчүлүк түзгөн бир чечүүчү жол катары көрүлгөн. Кипрдик түрктөр өзгөчө Түркиянын колдоосу менен коопсуздук ичинде жашай баштаган, бул абал 32 жылдан бери улантылууда. Бирок бул формула Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дипломатиялык жактан таанылуусу, дүйнө менен карым – катнаштарды жана экономикалык өнүгүүсү жактан күтүүлөрүн камсыз кыла албаганын кабыл алуу керек. Түрктөрдүн коопсуздук максаты ийгиликтүү түрдө ишке ашып, бирок башка максаты толугу менен ишке ашкан эмес. Жарым кылымдан бери болуп келгендей бүгүн да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жашоосу Түркиянын аскердик, саясий, финансылык жана башка жактан жардам берүүсү менен улантылууда. Бул эки моделдеги маселелердин себебинен аралдын башкаруулары Түркия жана эл аралык актерлор Кипр маселесине туруктуу жана адилеттүү чечүүчү жол табуу үчүн ондогон жылдардан бери иштеп жатат. Ушул алкакта акыркы болуп чыгарылган формула 2004 - жылы Аннан планы. Бирок Аннан планы Кипр түрктөрүнүн жана Түркиянын күчтүү колдоосуна карабастан таң калаарлык нерсе румдардын колдобошу менен ишке ашкан эмес. Дайыма аралдын бөлүнүүсүнөн арыздар болгон румдар аралды бүтүндөштүрө турган Аннан планын четке кагышкан. Андан да жаманы бул тескери мамилесине карабастан тилекке каршы Европа Биримдигине да толук мүчөлүккө алынган. 2004 - жылдан бери тоңдурулган бул формула кыскасы «эки бөлүктүү, эки тараптуу федералдык Кипр мамлекетин» куруу деп айтыла алат. Тактап айтканда түрктөр менен румдардын толугу менен жанаша же толугу менен көз карандысыз болушунун ордуна бир аз жанаша бирок автономдуу федерал бөлүктөр катары жашоосу. Бул жерде маселе бул формуланы кандайча ишке ашырат? Формуланы бир тарапка таштай турган болсок, бүгүн Акынжынын жана тийшитүү болгон баары көңүл буруусу керек болгон үч нерсе бар. Биринчиси бүгүн мисалы Аннан Планы мезгилинде болгондой, күчтүү эл аралык колдоо же локомотив жок. Акыйкаттан да БУУ жана Европа Биримдиги олуттуу маселелерден улам Кипр маселесине адилеттүү жана чыныгы чечүүчү жол таба ала турган эркке жана күчкө ээ эмес. Экинчиси Кипр рум бөлүгү аймактагы энергетика булактарын көзөмөлгө алуу үчүн Израиль жана Сиси менен кызматташтык ичинде. Бул кызматташтык процессинин Түркиянын жана кипрдык түрктөрдүн көз карашына көңүл бурбай турганы ачык. Ошондуктан бүгүн Кипр маселесине чечүүчү жол формуласы бул энергетика карым – катнаштары жана эсептерине көңүл бурбастан ийгиликтүү болбойт. Үчүнчүсү бул мезгилде кенен жайылган исламофобия проблемасынан улам кипрдык түрктөрдүн Европа Биримдиги ичинде кандай абалга ээ болору да абдан жакшы эсептелүүсү керек. Бул үч маселеге туура жолдун табылуусу үчүн Кипр түрктөрүн жана Түркиянын кызматташтык түзүүнү улантуусу жана бул тууралуу бири бирине бөгөт болбошу керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы шайлоо жана андан кийинкиси тууралуу пикири.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар