Түркия жана дүйнө күн тартиби - 121

Саясий каражат болгон армян маселеси

249594
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 121

Армян маселеси ондогон жылдардан бери эл аралык саясаттын күн тартибинде болууну улантууда. Бул маселенин борборунда 1915 - жылы болгон окуялар менен кыйынчылыктар болсо да негизинен кенен бир кампания бар. Максатында осмондуктар менен Түркия республикасы болсо да бул маселенин арткы планында дүйнө жана аймак актерлору орун алууда. Ушундайча маселе эл аралык саясий күн тарибине айланды. Армян лоббисинин жана кээ бир өлкөлөр же лидерлер армян геноциди деп аныктаган нерсе, тарыхый бир маселенин саясатташытырылуусу. 100 жыл мурунку маселенин саясатташтырылып, азыркы күндүн пайдасына карата эсептелүүсү. Акыркы болуп папа Фрэнсис жана Европа Парламенти чыгарган жалган армян геноциди чечимдери сөзү болгон окуялар менен күнөөлүү орундугуна отуртулган Түркияга кысым жасоону максат кылууда. Эл аралык актерлор армян маселеси тууралуу чыгарылган «бир» анализге колдоо берип жаткан болсо, «башка» бир анализге көңүл бурбай жатат. Армян геноциди деп аталган кампания колдоого алынып, мунун туура эмес экенин айткан көз караштарга маани берилбей жатат. Мындай абалда объективдүү ойлонгон кишилердин суроосу керек болгон кээ бир суроолор болушу керек. Оболу 100 жыл мурда тарыхта чындыгында эмне болгон эле, айтылгандар чындыгында туурабы? Экинчиси бул тарыхый окуяга саясатчылардын кийлигишүүсүнүн мааниси эмне? Үчүнчүсү бул тарыхый окуянын жабыркагандары менен аткаруучулары деп көрсөтүлгөн армяндардын жана осмондуктардын же түрктөрдүн бул процесстеги абалы кандай?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу пикири.
Биринчи суроонун жообу толугу менен бир тарыхый талкуулоо керек. Объективдүү ойлогондордун баары билишет же билиши керек, тарыхый талкуулар бир гана документтер жана так далилдер менен өткөрүлөт. Ошондуктан армян геноцидинин болуп же болбогонун далилдөө үчүн ортого салынган ойлор менен документтердин илимий тактык жана далилди камтуусу керек. Бардык тарыхчылар тарыхтын жана тарыхтагы окуянын жүз пайыз аныкталып мыйзамдаштырылуусунун мүмкүн эмес экенин билишет. Бирок тарых өткөн күндө болгон окуя жана азыркы күндө абсолюттуу түрдө түшүндүрүү мүмкүн эмес. Тарых өзүнчө бир океан жана ар бир иликтөөчүнүн максатына жана оюна жараша материал табуусу же чыгаруусу мүмкүн. Тарых ошол эле учурда жакшылардын жана жамандардын, оң менен терстиктер жанаша болгон, болушу мүмкүн болгон бир топ фактыларга толгон. Тарых куржунундагы миллиондогон документтен тандалып чыгарыла турган кандайдыр бир көз караш колдонулган материалга карата өзгөрөт. Тарыхтан жеңиш менен кыйратууларды бир эле убакта чыгарууга болот. Ошондуктан тарыхтан өкүм чыгаруу толугу менен баяндама маселеси. Каалагандар каралап, каалагандар актап тарых чыгара алат. Бул өзгөчөлүгүнөн улам тарых илимий бир дициплина эмес, толугу менен субъективдүү жана так болбогон маалыматтар. 1915 - жылы 24 - апрель менен символдоштурулган окуянын армян геноциди деп аныкталышы; объективдүү, илимий жана туура деп кабыл алынышы, тарыхтын символдор менен саясатташтырылуусу толугу менен саясий бир кыймыл. Тарыхый анализдер негизинен саясий жол. Тарых түшүнүгүбүз бизге сунушталган тарых анализин жактыруубуз, башка тарых анализин билбейбиз же кабыл албайбыз дегендик болот. Бул жактан алып караганда тарыхый маселелер туралуу талкуулар негизинен саясий жана идеологиялык жолдор. Бул болсо тарыхтын идеологиялаштырылуусуна салымын кошуп жана кызмат берүү демек. Бул жактан алып караганыбызда армян геноциди деп аталган көз карашты жактыруу, армян тарыхынын «кээ бир» саясатчылар жана идеологдор тарабынан идеологиялык каражат катары колдонулуусуна колдоо берилиши. Мунун болсо заманбап, рационладуу жана эркин ой үчүн маселе экени айтыла алат.
Армян геноциди деген сөз тарыхтагы кыйынчылыктардын жана жаңылыштыктардын сынга алынуусу менен Түркиянын эл аралык бир стратегияга дуушар кылынышы. Бул болсо кыйынчылыктарына эмпатия жана санааркоо менен жакындоосу керек болгон армяндарга жана аткаруучу катары көрсөтүлгөн Түркияга жасалган туура эмес доомат. Миңдеген жыл бирдикте жашаган армяндар менен түрктөрдүн тарыхтын бурмалануусу менен карама – каршы келиши эки тараптын сезимдерине жасалган жаңылыштык. Армян тарыхына ушундайча мамиле кылуу маселелердин туура түшүнүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзбөгөндөй эле абалды дагы да кыйындатууда. Армяндарга да түрктөргө да ал түгүл дүйнөдөгү сезимталдуу кишилерге да пайдасы жок. Акыйкаттан да тарыхтагы кыйынчылыктар менен башкаларды күнөөлөгөндүн ордуна тарыхтан сабак алып бүгүнкү күндү жакшы өткөрүү дагы пайдалуу. Бул абал тарыхты унутуу эмес, тарыхтын оң жана тескери бардык маалыматтарын алып бүгүнкү күндү куруу. Түркия армяндар да ичинде болгон 1915 - жылдагы трагедиялуу окуяларды адамзаттык жоопкерчилик катары кабыл алууда. Бүгүн түрктөр армяндар менен жанаша жашап жатат. Түркиянын армян жарандарынын өлкөнүн бардык тармактарда өнүгүүсү үчүн роль ойноп жатканы унутулбашы керек. Армян жарандар медиа, социалдык медиа, экономика, билим берүү жана башка бир топ тармак менен бирге премьер – министрдин кеңешчиси кызматын аткарып, 7 - июнда боло турган шайлоодо ар кандай партиялардан депутат болуу үчүн аракет кылышууда. Албетте бардык армяндар тең укуктуу жарандык шарты менен мындан башкаларга да ылайык, ылайык да болушу керек. Булардын болушу үчүн тарыхка кайрылып эсептешүү менен эмес, тарыхты артта калтырып бүгүнкү күнгө кароо керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин саясий каражат болгон армян маселеси тууралуу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар