Түркия жана дүйнө күн тартиби - 118

Йемен операциясы жана уюлдашкан Жакынкы Чыгыш

225661
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 118

Жакынкы Чыгыш 2015 – жыл 25 - мартта акыркы мезгилдин эң орчундуу окуяларынын бирине күбөө болду. Сауд Арабстан аба күчтөрүнө таандык 100 согуштук учак Йемендин борбор шаары Санага карата абдан катуу абадан бомбалоону баштады. Азыр да улантылып жаткан жана канчалык убакытка чейин улантылары белгисиз операцияларга кенен түрдө эл аралык колдоо келди. 8 өлкөдөн (Бахрейин, Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Марокко, Судан, Иордания, Египет) аскердик, 8 өлкөдөн да (АКШ, Түркия, Пакистан, Англия, Франция, Палестина, Либия, Моритания) саясий колдоо билдирилди. Ушуга карабастан 6 өлкө (Орусия, Кытай, Иран, Сирия, Ирак, Алжир) операцияга каршы экендерин билдиришти. Өлкөлөрдүн группа түрүндө бөлүнүүсүнө каралганда да бул операциянын бирден көп себебинин бар экени көрүнүүдө.
Расмий же биринчи себеби Йемендеги ыраатсыздыктан улам өлкөгө жайылууга жана текшерүүгө алууга аракет кылган хусилердин токтотулуусу. Шииттиктин бир колу Зейидиликке таянган хусилер Сеййид Садреддин Хуси тарабынан 2004 - жылы оппозициячыл кыймыл катары курулган. 2011 - жылы борбор шаар Санага жайылып, 2014 - жылы февраль айында президент Мансур Хадини сүргүнгө айдап, парламентти колго алган. Андан да маанилүүсү хусилер барган сайын Иран менен жакындашып жана жардам алган. Бул факты Сауд Арабстан жана башка сунни өлкөлөргө да белги берген. Сауд королдугу операциянын хусилерди колдогон Иранга каршы экенин расмий түрдө билдирген жана колдоочу өлкөлөр да муну аныкташкан.

Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.
Бул операцияларга жогоруда айтылган жагы менен баа берүү же ой билдирүү жетерсиз. Андан башка үч макро себеби бар. Биринчиси операцияга берилген эл аралык колдоонун негизги себеби дүйнө нефть коопсуздугунун түзүлүшү маселеси. Акыйкаттан да хусилер өз колуна алууга аракет кылган аймак Баб ел – Мандеб кысыгы болуп, дүйнөлүк нефть өткөрүүнүн 30 пайызга жакыны ушул жерден жасалат. Баб ел – Мандеб кысыгы 19 – 20 - кылымдарда болгондой эле бүгүн да стратегиялык жерлердин бирөөсү. Ирандын таасири астындагы хусилердин бул кысыкты көзөмөлгө алуусу Хүрмүз кысыгына да көңүл бурулганда дүйнөлүк нефть агымынын Ирандын таасирине кирүүсү жыйынтыгын жаратышы мүмкүн. Буга чоң нефть өндүрүүчүсү болгон Сауд Арабстан жана башка булуң өлкөлөрүнүн жана батыштык өлкөлөрдүн унчукпай калуусу күтүлгөн эмес. Ушул себеп менен Йемен операциясынын кээ бир эл аралык укуктук маселелеринин болгонуна карабастан күчтүү колдоо алуусу таң калтыруучу нерсе эмес.
Экинчиси операция Жакынкы Чыгыш аймагынын ырааттуулугу жана келечеги менен байланыштуу маселе. Жакынкы Чыгышта биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарынан кийин түзүлгөн бир тартип бар. Араб жазында бул абалдын өзгөрүүсү багытында бир процесс башталган. Бирок бул өзгөрүү процесси оболу Ливияда болуп, өзгөчө Сирияда ыраатсыздыкка жол ачты. Бул ыраатсыздык аймактагы королдуктардын жана режимдердин тынчын алууда. Мунун себеби да Иранга симпатиясы болгон шиит топтордун дагы активдүү абалга келиши. Суннии башкаруулары болгон өлкөлөрдүн дээрлик баарында шииттер бар. Эгерде бул топтор да хусилер сыяктуу жогорулоого өтүп жана Ирандын колдоосун ала турган болсо, аймактын баарында радикал режим өзгөрүүсү болушу мүмкүн. Йемен операциясы бул ыктымалды токтотуу үчүн алгачкы кадамдар деп айтууга болот.
Үчүнчүсү операция бир канча убакыттан бери пайда болгон Сунни блогун активдүү абалга алып келгенин көрсөтүүдө. Король Абдуллахтын ордуна келген Король Салман кыска убакыт мурда аймак өлкөлөрү менен кенен масштабдуу жыйын өткөрүп жана Сунни блок билдирүү жасаган. Маалыматка караганда коркутууну түзгөн Иран Шиит Хилалине каршы Сунни Блок түзүлмөк. Йемен операциясын бул түзүлүштүн бир көрсөткүчү деп айтууга болот.
Йемен операциясынан кийинки абалдар бул блоктун куралдуу бир күч боло баштаганын көрсөтүүдө. Араб Бирдигинин мүчөлөрү операциядан кийин Египетте өткөргөн жыйында араб армиясын түзүү чечимин чыгарды. Бул армиянын түзүлүп же түзүлбөй турганы бир тарапка чечимдин өзү эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы уюлдашуунун курчуп баратканын көрсөтүүдө. Бир тараптан Ирандын жол башчылыгында шиит мамлекеттер жана калктар блогу, бир тараптан Сауд Арабстандын жол башчылыгында сунни блогу.
Бул уюлдашууга каршы тең салмактуулукту түзүү жана жайылууга бөгөт болуу үчүн пайдалуу болсо да олуттуу рисктердин бар экенин да унутпоо керек. Эгерде көзөмөлсүз абал боло турган болсо, эки рискти дароо алдын ала көрүүгө болот. Биринчиси бардык аймакта чыга турган бир шиит - сунни бөлүнүүсүнүн негизинде ички согуштардын жаралышы жана режимдердин ыраатсыздык абалга келүү ыктымалы. Азыр да улантылып жаткан Ливия, Сирия, Ирак жана эми болсо Йемендеги ички баш – аламан башка өлкөлөргө да өтүшү мүмкүн. Экинчи риск эки блоктун арасында чоң бир аймактык согуштун чыгуу ыктымалы. Атынын айтылуусу да коркутуучу нерсе болгон блоктор арасындагы согуштун кандай чыгымдарды жаратарын айтуунун кереги да жок. Азыркы күнү 100 жылдыгы белгиленип жаткан Биринчи дүйнөлүк согушу бул туурауу сабак алуу үчүн жетерлик бир мисал. Биринчи дүйнөлүк согушунун негизги себептеринин бир уюлдашуу экени аныкталган илимий бир чындык. Жыйынтык катары бул рисктердин кайсынысы болсо болсун, Йемен операциясы жана кийин болгон абалдар Жакынкы Чыгыштын абдан коркунучтуу экенин көрсөтүүдө.
Мармара университетинин мугалими Рамазан Гөзендин Йемендеги абалдар тууралуу баа берүүсү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар