Түркия жана дүйнө күн тартиби - 116

100 - жылында Биринчи дүйнөлүк согушу: мааниси жана жыйынтыктары

284643
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 116

Көптөгөн китеп жана макала жазылган Биринчи дүйнөлүк согушун кыскача жыйынтыктоо абдан кыйын. Бирок 100 жылдык перспективадан караганда бул согуштун адамзаттык жана дүйнө тарыхы жактан кээ бир орчундуу өзгөчөлүктөрдү ортого сала алат. Согуш Антанта мамлекеттери менен (Франция, Англия, Орусия – АКШ/1917) Борбордук мамлекеттердин (Германия, Австрия – Венгрия, Осмон императорлугу, Болгариянын) ортосунда болгон жана Антанта мамлекеттеринин жеңиши менен аяктаган. Согуш бүткүл дүйнөнү таасири астына алса да эң көп түздөн түз жеңгендер менен жеңилгендерди кызыктырган. Жеңген тарап согуштан кийин жаңы бир дүйнө тартибин курууга аракет кылса, жеңилген тарап бул тартиптен зомбулук көргөн. Бул согуштун үч негизги жагы алдыга чыкканын айтууга болот.
Биринчиси Биринчи дүйнөлүк согуш классикалык империалист саясаттар мезгилинин эң туу чокусу. 19 - кылымда күчтөнгөн Европа улут – мамлекеттери, дүйнөнүн чоң бир бөлүгүн империалист системаларына кошкондон кийин 20 - кылымда бири бири менен согуша турган абалга келген. Бирок бул согуш бир гана империалист мамлекеттер менен эле чектелип калган эмес, тегеректеги аймактарды да ичине алган: Осмон императорлугу булардын эң негизгиси болгон.
Экинчиси согуш классикалык императорлук доорун жаап жана ордуна теги 17 - кылымга барган улут – мамлекет моделин жайылткан. Бул процесстен тескери таасир алгандар осмондук жана Австрия – Венгрия иператорлуктары. Өзгөчө осмон императорлугуна таандык өлкөлөр жана калктарга жеңген мамлекеттердин кызыкчылыгына карата форма берилди. Мунун эң так мисалдары бүгүн Жакынкы Чыгыш аймагындагы мамлекеттердин түзүлүшүндө көрүлгөн. Месопотамиядан Түндүк Африкага, Орто Азиядан Балкандарга чейинки аймактын геополитикалык түзүлүшү Биринчи дүйнөлүк согушунун мөмөсү. Бирок империалисттердин толук мааниси менен ийгиликтүү болгону айтыла албайт, Биринчи дүйнөлүк согушунун үчүнчү негизги өзгөчөлүгү бул. Империалист мамлекеттер Биринчи дүйнөлүк согушу жана андан кийинки бардык пландарын ишке ашыра алышкан эмес. Ушунун негизинде эң негизги тарыхый мисал Түркия территорияларында курулушу пландалган армян, күрт, жана грек мамлекеттери долбоорунун ишке ашпашы. Осмондуктан калган түрк калкы, империализмге каршы ийгиликтүү күрөштү. Мустафа Кемал Ататүрктүн лидерлигиндеги Боштондук согушу дипломатиялык жана аскердик методдор менен армян, күрт жана грек пландарын бузган бирок андан да маанилүүсү республиканын курулушуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Ушунун негизинде согуштун жана ал түгүл дүйнө тарыхынын тагдырын белгилеген 1915 - жылдагы Чанаккале согушун да белгилөө керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү....
Согуштун көптөгөн өзгөчөлүгүнүн арасында алдыга чыккан бул үч себептен бүгүн алына турган сабактар бар. Биринчиси өзгөчө Ирак, Сирия, Палестина жана жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагында 20 - кылымда болгон окуялар, Биринчи дүйнөлүк согушунун жыйынтыктарынын канчалык жаман абалда экенин көрсөтүүдө. Согуштан кийин империалист сызгычтар менен сызылган чектердин негизинен канчалык жасалма жана проблемалуу экени, Сирия жана Иракта болгон ИШИМ окуясы менен ачыкча көрүндү. Бүгүнкү болгон окуялар Биринчи дүйнөлүк согушунун негизинен бүтпөгөнүн көрсөтүүдө. Мындай абалда азыркы күндүн шарттарын жүз жылдык бир аймак согушунун ар башка формаларда бүгүнкү күнгө чагылуусу катары көрүүгө болот. Бирок бүгүнкү аймак шарттары 100 жыл мурункусунан башка. Бүгүнкү согуштарда тышкы империалист мамлекеттерчелик Жакынкы Чыгыштын күчтүү актеру да алдыңкы планда роль ойноодо. Бул абал бир тараптан оң бир абал катары көрүнүшү мүмкүн, аймактын тагдырында өз күчүн далилдеген аймак мамлекеттери да орун алууда. Аймактын күчтүү мамлекеттери, аймактын саясатында жол башчы абалында. Бирок бул абал ошол эле учурда терстиктерди камтууда; аймак өлкөлөрүнүн арасында абдан катуу кагылышуу бар. Ал түгүл бул кагылышуунун өлкөлөр арасындагы сектанттык же этникалык кагылышууларга айлануу коркунучу бар. ИШИМ жана Хизбуллах сыяктуу уюмдардын Сириядагы кагылышуусу чоң бир жарылуунун учкуну болуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Бул кагылышуунун аймак калктарынын пайдасына болбой турганы ачык жана так. Бир гана 25 жылдык Ирак жана 5 жылдык Сирия согуштары менен 100 жылдык Палестина маселесине да көңүл бурганда аймактын канчалык кыйын абалда экени ачык.
Кээ бир адистер Биринчи дүйнөлүк согушун белгилүү Чыгыш маселесин жана бардык согуштарды бүтүргөн согуш катары көрүшкөн. Бирок бүгүн бул көз караштардын жараксыз экенин айтуу керек. Эмнеге дегенде Чыгыш маселеси башкача айтканда муну менен осмондук Жакынкы Чыгыш маселелеринин чечилери ойлонулуп жаткан; бирок чечилген эмес; себеби маселе бүгүн да улантылууда. Согуштар да бүткөн эмес, себеби 20 - кылымда Экинчи дүйнөлүк согушунан башка жүздөгөн согуш болду.
Биринчи дүйнөлүк согушунун жыйынтыктары жана негизинен миңдеген жылдык согуш тарыхы эч бир маселени чече албай турагынын көрсөтүүдө. Белгилүү «Согуштун артынан согуш» аттуу китептин жазуучусу Карл фон Клаузевицтин да айтканындай согуштар саясаттын материалы. Тактап айтканда негизинен маселелерди саясат жана саясатчылар чечет, бирок согуш жөн гана каражат. Тескерисинче согуштар бир гана күчтүү мамлекеттердин курал өнөр жайын күчтөндүрөт, бирок согуштардагы күчсүз коомдорду бузуп - жарып жана дагы да жакырдантат. Күчү жетерсиз мамлекеттердин согушка кириши, өз өлкөлөрүнүн атынан кумар ойноо сыяктуу болот жана тарыхта мунун көптөгөн мисалы бар. Кумар ойногондордун болсо жалпысынан жеңилген тарап болору кенен түрдө кабыл алынган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар