Түркия жана дүйнө күн тартиби - 115

P5+1 жана Иран атомдук келишимине Нетаньяху кийлигишүүсү

263205
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 115

10 жылдан бери болуп келе жаткан Ирандын атомдук программасы маселеси эмдигиче чечиле албай келет. Маселенин негизинде Ирандын атомдук энергия өндүрүү максатына Израиль, батыштык жана аймактык өлкөлөр тарабынан тынчсыздануу жана шектенүү менен каралууда. Себеби Ирандын уранды байытуусу, бул өлкөлөр тарабынан жашыруун атомдук курал чыгаруу аракети катары каралууда. Бул өлкөлөр Ирандын эл аралык жана укуктук убадаларын тебелебей турганынан жана чоң бир коркутуунү түзөрүнөн тынчсызданууда. Акыйкаттан да 1968 - жылы NPT келишимине караганда Иран да кошулуп мүчө өлкөлөрдүн атомдук курал ээси болуусуна тыюу салынган. Бул эреже бир топ өлкө мисалы Израиль, Пакистан, Индия тарабынан бузулган болсо да Ирандын да бул топко кирүүсү кааланбай жатат. Иран мындай максатынын болбогонун жана ал түгүл Факих Хаманей мунун адал эмес экенин айтса да тынчсыздануулар бар. Ирандын атомдук кыймылдарын токтотуусу же толугу менен эл аралык текшерүүгө ачуусу кааланган, бирок Иран бул талаптарды четке каккан же жашыруун түрдө атомдук кыймылдарын уланткан. Иран 1970 - жылдардагы атомдук реактор курууну 1990 - жылдарда аяктап жана 20 пайыздык катнашта уранды байытууда ийгиликтүү болгон. Маалыматтарга караганда Иран бул баскычтан кийин атомдук курал өндүрүү жөндөмдүүлүгүнө жетише алат. Батыштык өлкөлөр ушул боюнча ондогон жылдан бери Иранга кенен түрдө эмбарго жасап келүүдө. Бул абалдын эки тарап үчүн да абдан чоң кыйынчылык жаратканы белгилүү. Дүйнө күч алып бараткан Иран коркутуусу менен беттешип, Иран да барган сайын кыйындап бараткан бир эмбарго кысымы менен бетме – бет келүүдө. Эки тарап үчүн да кыйын болгон бул абалдын алдында P5+1 өлкөлөрү, бирок өзгөчө Обама Иран менен атомдук келишим аракеттерин ылдамдатты. Алгачкы демилгелерди 2006 - жылы баштаган сүйлөшүүлөр процесси ушул кезге чейин жыйынтык чыгара алган жок. Бул ийгиликсиздиктин негизги себеби Батыш менен Ирандын ортосунда ишеним кемчилиги жана процесстин бат – бат Израиль жана Еврей лоббиси тарабынан бөгөткө учуроосу. Акыйкаттан да Израиль жана еврей лоббиси Иран менен эч бир келишимдин түзүлбөшүн, мунун ордуна Иранга каршы керек болсо аскердик кол салуунун жасалышын каалап жатат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Обама бийлигинин алгачкы күнүнөн баштап эле Иран менен келишим түзүү тууралуу чечкиндүү. Ушул максатта алгачкы айлардан баштап Иранды көндүрүүгө аракет кылган, бирок Ахмединежад башкаруусу менен каалагандай байланышты кура алган эмес. Руханинин президент болуп шайлануусу жана макулдашуучу тил таба алышы, сүйлөшүү процессин ылдамдатты. Акыркы бир жылдын ичинде расмий бир келишимге карата олуттуу өнүгүү болду. 2013 - жылдын 24 - декабрында P5+1 менен Ирандын арасында акыркы келишим жол картасы боюнча түзүлдү. Жол картасына караганда 2015 - жылдын март айынын акырына чейин негизги материалдарды камтыган алкактык келишимине кол коюлат жана эң кеч 2015 - жылы 1 - июль күнү акыркы келишим түзүлгөн болот. Келишим тууралуу чечкиндүүлүк болсо да келишим тууралуу кенен жана так маалымат билдирилген эмес.
Обама жана Керринин расмий билдирүүлөрүнө караганда акыркы келишимдин алкагында Иран атомдук курал ээси болуудан толугу менен баш тартат, бирок текшерүү астында тынчтыкты максат кылган атомдук энергия өндүрө алат. Обама бул келишимдин түзүлүшү үчүн Иранга каршы жаңы бир эмбарго чечиминин болбошу керектигин, эгерде Конгресс эмбарго чечимин чыгара турган болсо вето кыларын билдирди. Обаманын чечкиндүүлүгү күтүлгөнүндөй Нетаньяху жана еврей лоббисин кыймылга өткөрдү. Нетаньяху Обаманын каалабаганына карабастан АКШны зыярат кылып, 3 - март күнү Конгрессте сөз сүйлөдү. Обаманын Иран менен эч качан келишим түзбөшү керектигин, тескерисинче катуу каршылык көрсөтүү керектигин, ал түгүл мүмкүн болсо Конгресстин жаңы эмбарго чечиминин чыгарылуусун суранды. Нетаньяхунун мамилеси бир гана Иран менен келишим түзүү максатында эмес, Обама бийлиги жана АКШ ички жана тышкы саясаты жактан өзгөчө бир абал. Обамага карабастан өкүлдөр парламентинин төрагасы Бонердин каалоосу менен сүйлөнгөн бул сөз еврей лоббиси AIPACтын күчүн жана Обама бийлигинин чектерин көрсөтүүдө. Америка калкы мамлекеттин башкы өкүлү катары шайлаган Обамага Нетаньяху тарабынан каршы чыгылуусу жана директива берилиши, АКШнын эгемендигине каршы чыгуу демек. Андан башка Нетаньяхунун каршы чыгышы P5+1 тобун түзгөн 6 чоң өлкөнүн эркине каршы кыймыл. Айрыкча Нетаньяхунун кыймылы Израилдин Жакынкы Чыгыш маселелери, АКШнын саясий системасы жана дүйнө саясатында канчалык таасирдүү роль ойногонун көрсөтүүдө. Бир тараптан Ирандын атомдук саясатынын оболу өзүн, бирок ошол эле учурда аймакты кыйынчылыктарга кандай түрткөнү көрүлүүдө. Иран жана Израилдин ортосундагы кагылышуунун аймактагы башка өлкөлөргө канчалык тескери таасир бергенин көрсөткөн маанилүү бир мисал Түркиянын 2010 – 2012 - жылдардагы тышкы саясаты. Түркия атомдук маселенин чечилүүсү үчүн абдан чоң кыймыл кылууда. Тегеран келишиминин кол коюлуусуна арачылык кылган, бирок Иран жана Израиль лоббисинин көшөрүүсүнүн айынан ишке ашырыла алган эмес. Бул Ирак, Сирия жана башка аймактык маселелерге канчалык тескери таасирин тийгизгени болсо көрүнүүдө. Ушул себеп менен маселелердин чечилүүсү үчүн атомдук келишимдин түзүлүшүн колдоо жана бардык бөгөттөргө каршы чыгуу керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин P5+1 жана Иран атомдук келишимине Нетаньяху кийлигишүүсүнө карата ой пикири.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар