Түркия жана дүйнө күн тартиби 112

Согуш жана тынчтыктын ортосундагы Украина

237817
Түркия жана дүйнө күн тартиби 112

Украина согушуна чечүүчү жол табуу максатында Минскте өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн ок атууларды токтотуу келишими чыкты. Германиянын канцлери Меркель жана Франциянын президенти Олланддын арачылыгы менен Орусиянын президенти В. Путин жана Украинанын президенти Порошенконун ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн 13 беренелик тынчтык тексти чыкты. Келишим негизинен согуш болуп жаткан Луганск жана Донецк аймактарында 15 - февралдан баштап ок атууну токтотуу, оор куралдардын чыгарылуусу, андан киийн шайлоонун өткөрүлүшү жана акырында Украина башкаруусуна интеграция процессин да
камтууда. Бул процесстин ЕККУ тарабынан байкоого алынуусу, отчет жана координациялануусу кабыл алынды. Ушундайча бир жылга жакын убакыттан бери болуп келе жаткан Украина согушунун соңуна чыгуусу, согушчандардын куралсыздануусу жана Орусиянын согуштук аймактан чыгуусу пландалууда. Бирок бул тынчтык келишиминин канчалык ийгликтүү болору, ийгиликтүү болсо да канчалык адилеттүү келишим экени жана эң негизгиси Орусиянын процесстин акырында канчалык пайдалуу болору тууралуу түрдүү көз караштар бар. Бирок кээ бирлери бул келишимдин Орусия жеңишин жарыялаган адилетсиз жыйынтык жаратканын ортого салууда.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Минск келишими Украинанын согуштан мурунку абалына алып келбегендей эле Орусия аннекция кылган Крым аймагы тууралуу эч бир өзгөрүүнү камтыбайт. Келишимдин ийгиликтүү ишке ашуусу менен Украинанын эгемендиги толугу менен ишке ашпайт. Киев башкаруусу, Донецк жана Луганск аймактарында өлкөнүн башка аймактарында болгондой эгемендүү боло албайт, Крым менен Кара деңиз жээктеринде кайрадан мурунку абалына келе албайт. Мунун мааниси Украина согушунан мурдагы абалга караганда олуттуу эгемендик жоготууга учурап, Орусиянын Украинага тийгизген таасири дагы узартылган болот. Андан башка Орусия бул келишим менен Европа Биримдигинин мүчөлөрү Франция жана Германияга тийгизген таасирин ортого салган болот. Бирок Орусия Минск келишими менен аскердик жайылуучу саясатын европалыктарга жана Батышка кабыл алдырган болот. Мындай абалда туура, адилеттүү тынчтык экени айтыла албайт. Бирок ар бир чыккан окуяда болгондой эле Украина маселесине да башка көз караш менен жана мүмкүн болушунча объективдүү кароо керек. Минск келишимин «жамандын жакшысы» болгон макулдашуу катары көрүү жана бул жамандыктын себептерин жакшы иликтеп кийинчерээк жоюуга аракет кылууда да болот.
«Жамандын жакшысы» Минск келишиминин бир жылдан бери болуп келе жаткан согушту жана аймактык ыраатсыздыкты токтотуусу. Бул согуш ушул кезге чейин өзгөчө Украинаны абдан чоң чыгымга учуратты жана эгерде токтотулбаса дагы чоң чыгымдарды жаратуу ыктымалы чоң. Украинанын жана күрөшчүлөрдүн бул согушту улантуусу менен тараптардын бири толугу менен жеңишке жетишкендей эле бирөөсүнүн дагы көп жоготууга учуроосу мүмкүн. 1980 – 1988 – жылдардын ортосунда Иран – Ирак согушунда болгондой эле Украина согушундагы курал жана күч тең салмактуулугу, эки тарапты чоң чыгымга учуратат. Ушул себептен бул «тең салмактуулук» согушун дагы узун убакыт улантуунун ордуна тынчтык үчүн иштөө рационалдуу болот. Башка бир мисал да Түркиянын Боштондук согушунда Греция жана арткы пландагы Англия жана Франция менен согушту улантуунун ордуна Монтро жана Лозанна келишимине кол коюсу. Украина согушунда Орусиянын аскердик күчүнүн таасирдүү экени айтыла алат, бирок Орусиянын эмне себептен бул жыйынтыкты кабыл алганы да айрыкча сурала алат. Орусиянын Украинага кол салуусунда ; оболу Европа Биримдигинин Орусия колдогон Януковичти жарандык зомбулук менен түшүрүүсү, артынан да Европа Биримдиги, АКШ жана НАТОнун Орусияны баш тарттыра албашынын чоң ролу бар. Балким АКШ менен НАТОнун Орусияга аскердик каршылык бербегенин билүүгө болот. Бирок аскердик каршы чыгуу согуштун дагы да күч алуусуна жана жайылуусуна себепчи болушу мүмкүн.
Батыштык өлкөлөр Орусияга аскердик каршылык берүүнүн ордуна катуу бир эмбарго жасады. Европа Биримдиги, АКШ жана батыштык мекемелер Орусиянын экономикалык, соода, финансылык жана эң негизгиси энергия кирешелерине тескери таасирин тийгизди. Орусия үчүн эң чоң кыйынчылык акыркы айларда ылдам төмөндөгөн нефть баалары. Негизинен Минск келишими бул эмбарголордун Орусияга абдан чоң кыйынчылык бергенин көрсөтүүдө. Батыштын аскердик- катуу күчтүн ордуна жумшак күч тактикаларынын жасалуусу Орусияны абдан чоң кыйынчылыкка учуратты. Мына ушул себептен Орусиянын Минск келишимин түзүзүүгө мажбур болгону да айтыла алат. Ушул жактан каралганда Минск келишимин Орусиянын жеңиши катары эмес, эмбарголордун айынан кыйынчылыкка учурагандыктан кабыл алды деп да кароого болот. Мындай абалда келишим Европа Биримдиги, Украина жана батыштык өлкөлөрдүн Орусияга жол бериши эмес, Орусиянын мажбур түрдө көнүүсү деп баа бериле алат. Ар бир келишимде болгондой эле Минск келишими да жолдун акыры эмес. Алдыбыздагы күндөрдө күтүлгөн жана күтүлбөгөн абалдардын болушу мүмкүн. Бул келишимден кимдин жеңишке жетишкенин бул абалдар ортого чыгарат. Эгерде келишим Орусиянын жеңиши болсо Украина жана Батыш кыйын күндөрдү жашайт. Эгерде Орусия келишимди эмбарголордон улам мажбур түрдө кабыл алган болсо Орусияны кыйын күндөр күтүүдө. Мындай абалда Орусия бир гана Украинада эле эмес, Сирия маселесинде да жаңы келишимдерди түзүүгө жана ишке ашырууга мажбур болот.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими Рамазан Гөзендин баа берүүсүн уктуңуздар.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар