Түркия жана дүйнө күн тартиби - 106

Акыркы мезгилдеги Жакынкы Чыгыш саясатына баа берүү

183182
Түркия жана дүйнө күн тартиби  - 106

Акыркы мезгилдерде Жакынкы Чыгыш тарыхы жана саясатында төрт маселе алдыга чыкты.
1 – араб жазынын ийгиликсиздиги, 2 - Араб - Израиль кагылышуусунун улантылуусу, 3 - Иран атомдук программасы тууралуу абалдар, 4- Борбору Түркия болгон чечүүчү жол процесси. Албетте кенен география жана калкка ээ болгон Жакынкы Чыгыш тууралуу теориялык жана так абалдар боюнча ар кандай баа берүүлөр жасала алат. Бирок бардык баа берүүлөр акыр аягында бул төрт маселеге келип такалат. Албетте Жакынкы Чыгыштын саясий актерлорун унутпоо керек. Аймактын глобалдык деңгээлдеги актерлор АКШ, Орусия, Европа жана Кытай болсо аймактык деңгээлде негизги актерлор Түркия, Иран, Сауд Арабстан, Египет, Израиль жана Катар. Акыркы мезгилде Жакынкы Чыгыш тарыхы жана саясатына ушул мамлекеттер тарабынан форма берилгенин баса белгилөө керек. Булар менен бирге Мусулман бир туугандар, Хамас, Күрт аймактык башкаруусу, эл аралык Израиль лоббиси жана ИШИМ сыяктуу мамлекет тышы актерлор да бар; бирок булардын мамлекеттерден көз карандысыз экенин айтуу мүмкүн эмес. Акыркы мезгилде бул актерлордун алкагында өнүккөн Жакынкы Чыгыш тарыхы жана саясатын төмөнкүчө жыйынтыктай алабыз.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Акыркы мезгилде Жакынкы Чыгыш саясатынын негизинде 2003 - жылы АКШнын Ирак баскыны жана андан кийин болгон абалдар бар. АКШнын туура эмес жана ийгиликсиз Ирак баскыны аймактан АКШ жана Батышка карата каршы чыгууларды күчтөндүргөн. Бул каршы чыгуулардын бир бөлүгү радикал мамлекеттик саясаттарда бир бөлүгү калктардын мамилелеринде көрүлгөн. Мисалы Ирандын атомдук күчкө жетишүү аракеттери жана күч алган иш чаралар менен араб өлкөлөрүндөгү режимдерге карата элдик көтөрүлүштөр сыяктуу. Буларга Ирактын бөлүнүшүн, күрт саясий кыймылынын жана ПКК террорунун жогорулашын жана Хамастын Израилге каршы кыймылдарындагы күч алууну кошуу мүмкүн. Ушундайча 21 - кылымдын биринчи он жылында аймактын негизги маселелери төмөнкүлөр ; Ирандын аскердик, технологиялык жана саясий таасиринин Ирак, Ливан жана Палестинага жайылуусу, күрт саясатынын жана террорунун Ирак менен Түркиянын тынчын алуусу, Палестина маселесинин чечиле албастыгы, Афганстандагы Ел Кайда террордук уюмунун Ирак жана башка аймак өлкөлөрүнө жайылуусу. Жыйынтык катары 2010 - жылына келгенде Жакынкы Чыгыш АКШ жана союздаштары менен Иран жана ага жардам берген Орусия, Кытай жана союздаштарынын ортосунда күрөшүү аянтына айланды.

Обаманын 2009 - жылы президент болуусунан кийин, аймакты оң жана ал түгүл кайрадан кура турган багытта эки орчундуу абал болду. Оболу Түркия жана АКШ модель ортоктук программасынын алкагында аймактагы бардык маселелерди тынчтык жана ырааттуулук жолу менен чечүү үчүн кызматташтык түзө баштады. Ушул алкакта Эрдоган өкмөтү абдан маанилүү жана тарыхый тынчтык кадамдарын таштады. Эрдоган жана Омаба Ирак, Сирия, Палестина, Ливан, ал түгүл Армения – Азербайжан маселелерин чечүү үчүн оң багытта кыймылдарды аткарышты. Бул абалдардын жана кыймылдардын алгачкы оң жыйынтыктары ; Ирандын атомдук программасы маселесинин чечилүүсү, Ирактын кайрадан ырааттуулукка жетишүүсү жана Палестина маселесинин БУУнун эрежелеринин алкагында чечүү тууралуу үмүттөр.
Обама башкаруучулугундагы экинчи орчундуу абал араб жазынын башталуусу эле. Тунисте башталган тынчтыкчыл жана ырааттуу демократиялашуу процесси, Египетке да өттү. араб жазынын негизги философиясы демократия, адам укуктары, танчтыкчыл жана ырааттуу алмашуу идеалдарына бардык аймакта ишке ашыруу эле. Негизинен бул аймактык айдыңдашуу процессинин учкундары болгон. Суук согуштан кийин Чыгыш менен Орто Европа өлкөлөрүндө болгондой Жакынкы Чыгыш жана ал түгүл ислам дүйнөсүндө да айдыңдашуу жана заманбапташууга мүмкүнчүлүк түзүүдөн үмүт кылынып жаткан. Бул жагы менен аймакка саясий бир жаздын келүү ыктымалы бар. Бирок араб жазынын бул үмүт жана ыктымалдары башка өлкөлөргө жайылбагандай эле абдан чоң өлчөмдө соңуна чыкты. Оболу Ливия жана Сирия баскычтарында араб жазы процессине курал жана кан да аралашты. Ливияда Каддафи башкаруусу эл аралык жана куралдуу кийлигишүүнүн акырында кулады, бирок анын ордуна да күчтүү өкмөт жана режим курула алган жок. Бул жерде негизги маселе жергиликтүү аскердик күчтөрдүн арасындагы лагерлердин пайда болушу жана кагылышуулар. Сирия маселеси болсо бөгөт болуучу роль ойноду. Сирия оппозициясы болсо Асад башкаруусунун ортосундагы күрөш, тышкы кийлигишүүлөргө жана ички согушка сахна болду. Сирия хаосу өзүн жана тегерегиндеги өлкөлөргө тескери таасирин тийгизди. Булардын башында Египетте демократиялык жол менен шайланган Мурси башкаруусу аскердик сокку менен кулаган. Ливия , Сирия жана Египеттеги үлгүлөрү араб жазын тескерисине айландырган, аймакты мурункусуна караганда дагы тескери жерге алып келген мисалдар. Бул абалдардан тескери таасир алгандардын башында Палестина маселеси жана АКШ – Түркия карым – катнаштарындагы келишпестик келет. Мунун бир жагы да бир расмий жетекчинин жеке өзү айтканындай түрк тышкы саясатынын «баалуу жалгыздыгы».
2014 – 2015 - жылдары Жакынкы Чыгышта оң мааниде эки процесс калды. Иран менен P5+1 өлкөлөрүнүн ортосундагы атомдук чечүүчү жол процесси жана Түркиянын коомдук чечүүчү жол процесси. 2015 – жылы башкаларынын кандай болору белгисиз жана бул эки процесстин дагы үмүт берүүчү экени айтыла алат. Бири бири менен түздөн түз байланышы болбосо да бул эки процесстин ийгиликтүү жыйынтыкталуусу, Ирак, Сирия, ал түгүл булуң жана Палестина аймагына да оң таасир бере алат. Мунун натыйжасында Сирия жана ИШИМ маселелеринин чечилүүсү да бир ыктымал.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар