Түркия жана дүйнө күн тартиби - 105

Глобалдык маданият мүмкүнбү?

176485
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 105

Дүйнөлүк масштабда адамдардын турмушу жана ойлоруна караганда кээ бир окшош жерлер бар. Адамзат канчалык ар башка өзгөчөлүктөргө ээ болсо да глобалдык маданият экенин ойлонткон мамилелерди да көрсөтүүдө. Булардан эң негизги абал жаңы жылда байкалат. Сиднейде, Делиде, Москвадан, Стамбулга, Парижден Лондонго, Вашингтонго адамдар аянттарда чогулат жана саат 12ге келгенде фейерверктер атылат. Албетте бул абал адамзаттыктын абалын жана түшүнүгүн толугу чагылдыра албайт. Бирок бир топ өлкөдөгү ар башка диний ишенич же философияга ээ миллиондогон киши жаңы жылды майрамдабагандай эле, каршы чыгышы да мүмкүн. Бул бири биринен айырмаланган кыймылдар дүйнөдө адамдардын жок дегенде бул тууралуу башка маданият жана түшүнүктөргө ээ экенин көрсөтүүдө.
Адамзат бирдикте кубанып, бирдикте кайгырган башка мисалдар да бар албетте. Футбол жана олимпиада сыяктуу спорттук иш чаралар булардын кенен жайылганы. Өзгөчө олимпиадалар жана футболдук турнирлер абдан кызыктуу глобалдык факты болду. Ар башка өлкөлөрдөн келген башка түс, улут, ишенич, маданият жана цивилизацияларга таандык кишилер, эң башта «улуттук» командалардын үстөмдүгү үчүн күрөшүп жатат, бирок дагы көңүл буруу менен каралганда негизинен бул спортсмендер бардык адамзаттыктын конкуренция ичинде кызматташтык каналдарын күчтөндүрүүдө. Бул жарыштарда жеке кишилер же өлкөлөр жеңишке жетишүүдө ; глобалдык спорттук иш чаралар жана диалог жактан адамзаттык жеңишке жетишүүдө.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Жогорудагы берилген мисалдар глобалдык бир маданият же маданият эмес экенин көрсөтүүдө, дүйнөгө жана адамзатка кандай жактан каралганына жараша өзгөрөт. Чындыгында адамзаттык бар болуу жана жаратылыш катары ар башка түстөргө жана пайдаларга ээ. Адамдардын ар башка уруулар, улуттар жана түстөрдөн турганын философтор баса белгилеген абал. Бул баса белгилөө айырмачылыкты далилдөө үчүн эмес, бул айырмачылыктардын баары тарабынан кабыл алынуусу үчүн. Мисалы Кураанда «адамдар уруу түрүндө жаратылган» деп айтылган. Бир топ саясат философу да ар бир улуттун же мамлекеттин белгилүү бир маданиятка таянганын айтышат. Бул жерде уруу менен улуттун бири биринен айырмаланганын: уруунун өзүнө таандык жана онтологиялык бир чындык, улуттун болсо заманбап мезгилде ортого чыккан факты экенин белгилөө керек. Бул техникалык айырмачылыктар бир тарапка, уруу жана улут түшүнүктөрүнүн маңызына каралганда ар биринин түпкү тегинде маданияттын бар экени көрүнөт. Бул абал адамдардын арасында бөлүүчүлүктүн жаралуусуна себеп болгон. Бул бөлүүчүлүк бат бат улуттардын арасында пайда жана күч кагылышуусун жараткан. Мунун эң негизги жыйынтыгы болсо улуттардын ичинде же арасында согуштардын жаралуусуна себеп болгон. Бул жактан каралганда глобалдык бир маданияттын болбогонун ортого салууга болот. Албетте бул чындык. Бирок жогорудагы жаңы жыл жана олимпиада мисалдарында болгондой, адамдарды бир бирине жакындаткан же орток жерде жолугуштурган нарктар жактан кароого да болот. Бул нарктардын башында кызматташтык түзү турат жана өзгөчө олимпиадалар ушул алкакта жөнөкөй мисал, башка бир топ мисал да бериле алат. Адамдардын ар башка маданияттарга ээ болуусу, араларында кызматташтык түзүүлөрүнө эч качан бөгөт болбойт. Масалы Кураан ар башка уруу түрүндө жаратылган адамдардын бири бири менен таанышуусун жана кызматташтык түзүүсүн каалайт. Бул көз караш ишке ашканда адамзаттын орток бир маданиятка ээ экени, болору жана болушу керектиги айтыла алат. Бул орток маданияттын башында биз жашап жаткан бул жер шарын эң жакшы жашай турган абалга алып келүү болушу керек. Ошондуктан адамзаттын глобалдык маданияттын маңызында адамзаттын орток жери болгон дүйнөнү коргоо, кыйратпоо, адамзаттыкты өлтүрбөө. Кыскасы экологияны коргоо деп атала турган бул түшүнүк бир гана табиятты коргоо эле болбош керек, бул экологиянын негизги элементтери болгон адамдардын бейкуттугун, тынчтыгын, ийгилигин жайылтуу болот. Адамды жана булактарды каржаган согуштук каражаттардын, ысырапчылыктын, матераилдык жана руханий кирденүүгө жол ачкан мамилелердин токтотулуусу керек. Чыныгы экологияны коргоо да ушундай болушу керек.
Бул көз караш тактап айтканда глобалдык маданиятты түзүү оюу идеализм жана ал түгүл утопия сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Мунун мүмкүн эмес экени айтылууда. Эч шексиз мындай жаман ойлор кенен түрдө жайылган, бирок туура эмес. Акыйкаттан да адамзаттын жана адам болуунун критериясы, бирок экология жана үстүндө жашаган бардык жандуулардын дайым жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүү менен байланыштуу. Ар башка уруулар же улуттардын ортосунда кызматташтыкка жана диалогго таянган глобалдык бир маданият, бир гана адамзаттын пайдасына эмес, ошол эле учурда керектүү ахлактык кыймыл.
Жыйынтык катары жаңы жыл жана олимпиадалар сыяктуу дүйнөлүк окуялар жана мезгилдер глобалдык маданияттын бар экендигин көрсөткөн символдор. Бирок булардын азырынча абдан жакшы абалда эмес экенин да белгилөө керек. Чыныгы глобалдык маданият үчүн бир тараптан экология жана адамзаттык баалуулуктардын жок кылынбашы, бир тараптан да атайын бир маданияттын башка адамдар аркылуу гегемоняга айландырылбашы керек. Чыныгы глобалдык маданият адамзаттык бирдикте кубанган же капаланган фактыларда биригүүнү билүү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар