Түркия жана дүйнө күн тартиби - 104

Түркиянын Европа Биримдигинен чыгып Орусия менен союздаштык түзүүсү мүмкүнбү?

167128
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 104

Акыркы жумаларда Түркиянын Европа Биримдиги жана Орусия менен карым – катнаштарынын негизинде кызыктуу абалдар жана талаш – тартыштар болууда. Мунун себеби Түркиянын Европа Биримдиги жана Орусия менен карым – катнаштарындагы абалдар. Оболу Путин Анкарага жасаган сапарында Түштүк жолун жоюшкандарын жана мунун ордуна Түркия аркылуу жаңы бир жаратылыш газ жолун курушарын билдирди. Бул күтүлбөгөн маалымат Түркия – Орусия энергетика кызматташтыгынын дагы да тереңдей турганын көрсөтүүдө. Ал түгүл кээ бир байкоочулар Түркия менен Орусиянын ортосунда энергетика боюнча союздаштыктын өнүгүп баратканын көрсөтүүдө. Ушул боюнча Европа Биримдигинен жогорку мартабалуу жетекчилер Түркияга келишти. Европа Биримдигинин тышкы саясаттар жана коопсуздук өкүлү Монгерини менен Европа Биримдиги боюнча кеңейүүдөн жана Европа Биримдигинин гуманитардык жардамдар боюнча жооптуу өкүлдөрү Анкарада лидерлер менен жолугушту. Бул жолугушуулардан чагылган бир суроо абдан маанилүү эле. Европа Биримдиги Түркиянын Орусия менен союздаштык куруусунан тынчсыздануудабы? Монгерини бул суроого жооп бербесе да күн тартибинде болууну улантты. Өзгөчө президент Эрдогандын Европа Биримдиги тууралуу катуу сындары, Түркиянын Европа Биримдигинен баш тартып Орусия менен союздаштык түзүүгө багыт алуудабы деген суроону күчтөндүрдү. Бул суроо жана тынчсыздануулар тууралуу Түркияда жана тышта талкууланууда. Булардан тынчсыздануу керекпи?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.
Абдан туура Түркия – Орусия карым – катнаштары күчтөнүп, Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарындагы кыйынчылыктар көбөйүүдө. Бирок буга Түркиянын Европа Биримдигинен алыстап жана Орусияга карай багыт алууда деп кароо жаңылыш. Мунун ордуна Түркиянын эмне үчүн Орусияга жакындаганын жана Европа Биримдиги менен араздашып жатканын иликтөө керек. Түркиянын Орусия менен ылдам жакындашуусунун эки негизги себеби бар. Биринчиси, Түркия өзгөчө энергетика тууралуу Европа өлкөлөрү сыяктуу Орусияга көз каранды. Түркия бул көз карандылыктын чыгымын көрүүнү каалабайт, тескерисинче Орусия менен соода жана экономикалык карым – катнаштарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүүгө аракет кылууда. Экинчиси жана эң негизгиси Түркия Сирия кризисине чечүүчү жол табуу үчүн Орусия менен биргелешен формула табууга аракет кылууда. Түркия Асад режиминин ордуна демократиялык режимдин курулушу үчүн Орусиянын ролун байкады. Ал түгүл Ирандын Сирия тууралуу мамилесинин да Орусиянын таасири менен өзгөрүшү мүмкүн экени айтыла алат.
Түркиянын бул саясатын өзгөчө Украина маселесинен улам кээ бир Европа өлкөлөрү менен АКШнын жактырбаганы белгилүү. Европа жана АКШ, Орусияга каршы эмбаргонун Түркия тарабынан бузулушун каалабайт жана тынчсызданунун себеби бул. Ошондуктан Түркиянын Европа Биримдигинен алыстоосу сыяктуу абал жок. Түркиянын Европа Биримдигинен алыстоосу жок дегенде эки себеп менен мүмкүн эмес. Биринчиси Түркия – Европа Биримдигинин ортосунда мындай кыйынчылыктар көнүмүш болгон кыйынчылыктар. Түркия – Европа Биримдиги толук мүчөлүк сүйлөшүүлөрү 2007 - жылдан бери кризис ичинде, бирок сүйлөшүүлөр расмий түрдө улантылуда. Бул процессте бат бат бири бирине карата сындар айтылып, бирок акыркы күндөрдө дагы да көбөйдү. Мунун негизги себеби болсо Европа Биримдигинин параллель мамлекет катары аталган доодо журналисттер тууралуу сот чечимдеринин айынан Түркияга карата айтылган катуу сындар. Түркиянын өкмөт жетекчилери болсо журналисттердин сот чечими менен териштирүү үчүн камоого алынганын, ошондуктан сот чечимине сый көрсөтүлүүсү керектигин айткан. Бул жерден Эрдогандын Европа Биримдигине көрсөткөн катуу каршылык стратегиялык план эмес, конъюнктуралык жана тактикалык мамиле.
Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарынын бузулушунун экинчи бир себеби Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарынын терең тамырынын болушу жана базиске ээ болушу. Эрдоган жана Давутоглунун Монгерини менен бирге бир жума мурда айткандай Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү стратегиялык бир максат. Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарында негизги абал бир жума мурда белгиленген бул көз караш. Бирок Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк максаты бир гана реалдуу саясат эмес, ошол эле учурда нормативдик абал. Реалдуу саясат жактан карала турган болсо Түркия экономикалык, аскердик, саясий, социалдык жана жумушчу күчү жактан Европа Биримдигинин өнөктөшү. Түркия тышкы саясатынын 60 пайызга жакыны Европа Биримдиги өлкөлөрү менен аткарылууда, 4 миллионго жакын Түркия жараны Европа өлкөлөрүндө иштеп жана Түркиянын коопсуздук системасы НАТО комплексинин ичинде орун алууда. Башка дагы бир топ байланыштар Түркия менен Европа Биримдигин бири бирине байланыштаргын. Андан да маанилүүсү нормативдүүлүк жактан карала турган болсо ; Түркиянын демократия, укуктун жогорулугу, базар экономикасы, адам укуктары жана көпчүлүк сыяктуу нормалар Орусия менен эмес Европа Биримдиги менен байланыштуу. Түркия осмондуктан республикага өткөн эки кылымдын ичинде бул нормаларды өнүктүрүү үчүн иштеп жана маанилүү ийгиликтерге жетишти. Ал түгүл бул нормалар президент Эрдогандын акыркы 12 жылда жол башчылык кылган саясий процессте дагы да өнүктү. Бул нормалардын Түркияда өнүгүүсүндө Европа Биримдигинин канчалык чоң роль ойногону унутулбашы керек. Жыйынтык катары Түркиянын Орусия менен экономикалык, соода, энергетика жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүсү албетте маанилүү. Бирок булардын эч бири Түркиянын Европа Биримдиги жана Батыш менен 200 жылдык карым – катнаштарын жана интеграциясын жок кыла турган деңгээлде эмес. Түркияда бул кызматташтыкты жок кылуу ниети өткөн күндө да болгон эмес, бүгүн да жок. Акыркы мезгилдерде болгон кризис бир толкундануу кыймылы же блеф болушу мүмкүн.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар