Түркия жана дүйнө күн тартиби - 96

Дүйнөдөгү ойлор жана исламды үйрөнүү тууралуу

185583
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 96

Дүйнө 4 – 5 - кылымдардан бери Батыш булактуу ойлор, мектептер жана доктриналардын таасири астында. Аймактар, маданияттар бири биринен айырмаланса да бүгүнкү түшүнүк жана системалардын көпчүлүгү Батыш оюнун таасири астында. Демократия улут – мамлекет, эркиндик, базар экономикасы, улут, улутчулдук сыяктуу көптөгөн түшүнүк Европа же Америкадан дүйнөгө жайылган. Бул аймактарда өнүккөн айдыңдашуу, заманбап өнүгүү, өнөр жай төңкөрүшү, диний реформалар жана секуляризм, адамзаттын абдан чоң бөлүмүнө форма берген. Бул процесс азыркы күнү күчтөнгөн информатика жана байланыш каражаттары менен улантылууда. Мисалы бүгүн абдан популярдуу болгон глобалдашуу, бүтүндөшүү, пост – модернизм сыяктуу түшүнүктөр да оболу батыш дүйнөсүндө жаралган жана бүткүл дүйнөнү таасири астына алган. Бул ойлор таасирдүү болгон коомдордун жана аймактардын маданий, экономикалык, саясий жана адамзаттык өзгөчөлүктөрүн өзгөртүүдө. Кээде оң кээде да тескери жыйынтыктарды жаратууда. Демократия, эркиндиктер, базар экономикасы сыяктуу оң жыйынтыктар сыяктуу эле империализм, колонияга алуу, басып алуу, маданий жана социалдык дегенерация сыяктуу келишпестикетр да бар.
Бул процессте эң көп алдыга чыккан тармактардын башында башка цивилизациялар ээ болгон ой жана философиялык түзүлүштөр. Башкараларына караганда эң жаман абал ушул. Бирок батыш тышындагы маданияттардын жана коомдордун салттык философия жана ойлорунун жок болушу, тийиштүү өлкө жана аймактарда маселелерди тереңдетүүдө. Бул тууралуу бир топ мисалды берсек болот. Бирок булардын эң негизиси ислам өлкөлөрү жана коомдору экенин айтууга болот.
Мрамор университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Исламиет бир гана Куран, сүннөт же хадис сыяктуу негизги булактардан эмес, ошол эле учурда бул булактарды азыктандырган секта, мектеп жана ойлордон турат. Мусулмандардын дээрлик баары Куран жана сүннөттөн, хадистен сөз болгондо жалпы маалымат ээси болгонуна карабастан ислам ой мектептеринен ошол эле катнаштагы маалыматка ээ эмес. Мусулмандар жалпысынан бир сектага таандык, бирок бул секталардын жаралышы жана ойлоруна кызыгышпайт. Бул секталардын тышындагы ойлор жана түшүнүктөр менен байланышы жок. Бул бир гана калкта эле эмес, эң негизгиси билим берүү мекемелерин бүтүргөндөр үчүн да керектүү. Акыйкаттан да ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндөгү билим берүү мекемелери, ислам ойлору жана түшүнүктөрү тууралуу жетерсиз программага ээ. Бул абалдын көптөгөн себеби көрсөтүлө алат. Бирок булардын арасында эң негизгиси Батыш оюу жана мектептеринин башка бир ой жана мектептер тууралуу кысымынын болушу. Ислам болжол менен 1500 жылдык тажрыйбага ээ жана бүгүн бир жарым миллиарддан ашуун мүчөсү болгон дин. Бирок бул диндин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн ислам ойлорун билгенин айтуу кыйын. Теология жана дин адистеринин тышында жалпы мусулмандардын да ислам ойлору тууралуу маалымат ээси болуусунун керектиги ачык айкын. Ишенич тууралуу жок дегенде негизги маалымат ээси болуу, адамдардын тегерегиндеги абалдарды дагы жакшы түшүнүүсүнө жардам берет. Ишенич ойлорго ээ болуу, кайсы өлкөдө жана кайсы коомдо кандай ишенич же түшүнүктүн бар экенин билүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Адамдар ортого чыккан бир маселе же абалга каршы туура жана бекем көз караш билдире алышат. Мисалы азыркы күндө кенен жайылган суннилик жана шииттик тууралуу туура жана бекем маалыматтарга ээ болуунун маанисинин талкуулануусу. Бул түшүнүк же сыпаттар адамдардын тегерегине жана дүйнөгө болгон көз карашын өнүктүрүүсүнө салымын кошот. Бирок башка эң негизги нерсе ислам оюу, мусулман киши жана коомдордун турмушун өнүктүрүүлөрүнө абдан чоң салымын кошот. Мисалы ислам ойлорунун негизин түзгөн кенен жайылган жана таасирдүү секталардын эмне экенин билүү жана ишке ашыруу, бир гана диний эмес, ошол эле учурда социалдык, саясий жана дүйнөдөгү абалдар тууралуу позицияны күчтөндүрөт. Дээрлик күн сайын колдонулган харижилик, селефилик, алевилик, суннилик сыяктуу түшүнүктөр жана бул түшүнүккө ээ кишилердин өзгөчөлүктөрү тууралуу бекем маалымат берет. Негизги бир нерсе: диндердин өзгөчө ислам дининин ишенгендерден эмне күтүп же күтпөгөндөрүн билүү үчүн да бул ойлордун абдан чоң мааниси бар. Мисалы куран жана сүннөттүн түшүнүлүшү жана ишке ашырылуусунда негизги нерсе эмне? Салттар жана тажрыйбалар кандай пайда болгон? Адамдын акылын колдонуусунун диндеги орду кандай? Жеке кишилердин өзү, үй – бүлөсү, коңшусу, коому жана башкалардан турган бүткүл дүйнө менен карым – катнаштары кандай болушу керек? Куран жана сүннөттү үйрөнүүдө адис болгон улеманын ролу жана орду эмне? Өзгөргөн дүйнө жана турмуштук шарттары астында куран жана сүннөттүн түшүнүлүшү менен ишке ашуусу да өзгөрөбү? Бир топ аалым талкуулаган «жаңылануу» мүмкүнбү, мүмкүн болсо мунун жолу жана чектери эмне? Бул маселелердин баарына теология жана дин адистери тарабынан оңой эле жооп берүүгө болот. Бирок бул жетерлик эмес. Акыйкаттан да ислам дүйнөсүндө окуялар абдан күчөп, өзгөчө башталгыч билим берүү жана мугалимдердин да белгилүү бир деңгээлде бул суроолорго жооп берүүсү күтүлүүдө. Бул үчүн керетүү иштер аткарылуусу керек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар