Түркия жана дүйнө күн тартиби - 94

Дүйнөдө күч системасы жана ислам дүйнөсү

165790
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 94

ИМФ тарабынан жүргүзүлгөн жана бир медиа каналында жарыяланган эмгекте дүйнөдөгү акыркы жүз жылдык экономикалык күч алмашуусу иликтенген. Дүйнөнүн күч борбору 19 – 20 – кылымдарда Европа жана Америка материктери болгон болсо 21 – кылымда Азия жана Тынч океанга карай жылып баратат. Дүйнөлүк экономика жана башка күч параметрлери жактан 19 – кылымда Англия, Франция, Германия, Италия алдыда болсо 20 – кылымда АКШ алдыга чыкты. 20 – кылымдын экинчи жарымында Япония жана Кытай жогорулай баштаган. 21 – кылымдын биринчи чейрегинде дүйнөлүк экономиканын биринчи беши АКШ (16, 8 пайыз), Кытай (9, 2 пайыз), Япония (4, 9 пайыз), Англия (3, 6 пайыз) жана Франция (2, 7 пайыз) болуп тизмеленген. Бул өлкөлөрдөн кийн Орусия, Бразилия, Италия жана Канада келет. Божомолдорго караганда 2019 – жылы бул тизмеде олуттуу өзгөрүү болбойт. Бир гана бул группага Индиянын кирүүсү күтүлүүдө. Ошондуктан бүгүн жана келерки он жылдарда биринчи орунда АКШ орун алып, Кытай, Орусия жана Индия жогорулап, Европа болсо түшүп баратат. Бул таблицаны дүйнө байлар клубунун өз ичиндеги конкуренция катары көрүүгө болот. Бирок конкуренциянын каражаттары жана параметрлери бир гана экономикалык күч жана кирешелер эмес, башка элементтерди да камтууда. Бул элементтердин арасында өзгөчө технология, илимий, саясий, аскердик жана адам булактары орун алууда.
Дүйнөлүк күч тизмесиндеги иликтөөдө көңүл бурган башка бир жер биринчи он өлкөнүн арасында эч бир Жакынкы Чыгыш жана ислам өлкөсүнүн орун албашы. Бул абал ислам дүйнөсүнүн демографиялык жана географиялык абалы менен тескери. Башка бир сөз менен айтканда дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгүнө жана территорияларынын жарымына жакынына ээ ислам өлкөлөрүнүн эч бири биринчи он экономикалык күчтүн ичинде орун алган эмес. Күч таблицасы жана азыркы күндөгү дүйнө шарттары менен бирге ойлонулганда бул суроо эске келет : бүгүн Сирия, Ирак, Палестина, Ливия жана башка ислам өлкөлөрүндө болуп жаткан согуштардын, кагылышуулардын жана терстиктердин бул таблица менен байланышы бары? Эгерде бар болсо муну кантип ачыктоо керек?
Мрамор университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Дүйнөлүк экономика жана күч тең салмактуулуктары Батыштан Жакынкы Чыгышка карай жылып, Жакынкы Чыгыш жана ислам өлкөлөрү бул эки материктин арасында кысылып калгандай. Аймак жана ислам өлкөлөрү бул абалдан кутула албагандыктан бул маселелерди жашап жатат. Албетте жаңы бир абал эмес бул, 20 – кылымдын башында Осмон империясы кулагандан бери улантылууда. Тарыхый тажрыйба жана бүгүнкү абал жактан обьективдүү анализ жүргүзүлгөндө бул маселенин үч негизги булагынын бар экени айтыла алат. Биринчиси Жакынкы Чыгыш жана ислам дүйнөсүндө Осмон империясы калтырган боштук кылымдардан бери толтурула албады. Биринчи он экономикалык күч группасында 60ка жакын ислам өлкөсүнөн бирөөсүнүн да орун албашы мунун негизги көрсөткүчү. Башка элементтер жактан да ошол эле боштуктун же ачыктыктын бар экенин так түрдө көрүүгө болот. Албетте экономикалык жактан биринчи он орунга жакындаган Түркия жана Индонезияны унутпоо керек. Бирок бул эки өлкө 2 миллиарлык ислам дүйнөсүнүн арасында өзгөчө бир абалга ээ болуу жана өздөрүнүн да башка маселелердин бар экени билинет. Мисалы Түркия дүйнөлүк күч тең салмактуулугунда алдыңкы планда экенин кабыл алуу менен бирге орточо киреше тузагы жана геополитикалык маселелерден улам биринчи он орунга кирүүдө кыйналууда.
Түрия жана башка аймак өлкөлөрүнүн дүйнө күчтөрү лигасында орун албашынын негизги себеби геополитикалык кагылышуу жана согуштар. Жакынкы Чыгыш аймагы 35 жылдан бери согуштар жана кризистер менен жашап жатат. 1980 – 88 – жылдары Ирак - Иран согушу, 1990 – жылдан бери Ирак жана Булуң согуштары, 2010 – жылы башталган араб жазы жана акырында Сириядагы граждандык согуштар менен акыркы болуп ИШИМ менен улантылып келген согуштар.
Экинчиси бул геополитикалык согуштар экономикалык булактардын ысырап кылынуусуна, курал жана согуштук куралдарга каржалуусуна жол ачууда. Аймак өлкөлөрү, адам жана табигый булактарын, экономикалык өсүү жана өнүгүүлөр керек кылган аянттарга инвестиция салуунун ордуна согушка каржап жатышат. Бул абал экономикалык өндүрүш жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бир тарапка, жакырдашып, начарлоого жол ачууда. Бүгүн дүйнө курал соодасында негизги өндүрүүчүлөрдүн арасында АКШ, Европа, Орусия жана Кытай орун алып, негизги кардарларынын арасында болсо Сауд Арабстан, Кувейт, Сирия, Иран жана Түркиянын болушу бул абал жактан сабак берүүчү. Аймактык согуштар, кагылышуулар жана араздашуулар көбөйгөн сайын курал өндүрүүчү – кардар карым – катнаштарынын дагы да күч алганы айтыла алат. Үчүнчүсү жогорудагы таблицанын пайда болушунда биринчи он өлкөнүн өз араларында, аймак жана ислам өлкөлөрүндө жасаган курал, энергия, товар соодасы жана саясий конкуренция роль ойноодо. Чоң өлкөлөр энергетика булактарын текшерүү, курал жана товар соодасын өнүктүрүү, экономикалык жана соода пайдаларын өстүрүү, жалпысынан аймакта таасирдүү болууну каалап жатат. Бул максаттар үчүн аймакта конкуренцияга киришүүдө. Мисалы Сирия граждадык согушта АКШ, Англия жана Франция менен Орусия жана Кытайдын ортосундагы күч жана пайда күрөшү маанилүү роль ойноодо. Башка аймак өлкөлөрү да бул теңдеменин тышында эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар