ИШИМ жана Түркия

Теополитикадан геополитикага: ИШИМ, Батыш кийлигишүүсү жана Түркия.

164451
ИШИМ жана Түркия

Теополитикадан геополитикага: ИШИМ, Батыш кийлигишүүсү жана Түркия


Ислам дүйнөсү кайрадан кыйратуучу согуш менен бетме-бет келди. Сирия жана Иракта дароо ортого чыккан жана кызык түрдө алдынан чыккан ар бир аскердик күчтү жеңип алып тез арада мусулман дүйнөсүнүн салттык суннит борбору болуп саналган Ирак жана Сирияда 25 миллион калктуу бир аймакты көзөмөлгө ала турган физикалык күчкө айланган ИШИМ фактору, АКШны дагы бир жолу аймакка тартты. Ал эмес саясий карьерасын согушка каршы жана тынчтыкты сүйүү боюнча курган Американын президенти кайрадан Иракта согуш баштатты. Ата Буш мезгилинин 1-Ирак (Булуң) согушу 1991-жылы, уул Буштун 2-Ирак согушу 2003-жылы жана эми болсо Демократ президент болгон Обаманын 3-Ирак согушу 2014-жылда болуп олтурат. Булардын баарын жакындан байкаган биз болсо таң калуудабыз. Андай болсо бул кайталануунун себеби эмне? Батыштын mission civilatrice ролубу, аймактын геополитикалык тартуучулугубу, же болбосо эсептерби? Жакынкы Чыгышты жүз жылдан бери тынымсыз согуша янтына айландырган эмне? Түркия бул процессте кандай роль ойноодо?


Батыштын аң-сезими өзгөргөн жок


Биринчисинен баштайлы. Батыш дүйнөсү болуп жаткан кризистерге жана экономикалык-саясий жактан жоготкон мурдагы күчүнө карабастан, дагы эле дүйнөдө заманбап билим, технологиялык жаңылык, маанилүү секторлордогу өндүрүү өлчөмү жана мекемелешкен дүйнө саясатынын мекемелерин текшерүү тармагындагы үстөмдүгүн сактоодо. Өнүгүп бараткан күчтөр болгон Кытай, Индия, Барзилия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр жогоруда саналган тармактарда азырынча батыш менен теңешкидей абалда эмес. Орусия сыяктуу мурдагы статус-кво күчү жана жогорулап бараткан күч болуп саналган өлкө болсо байлыгын көбүнчө мунай заттан алууда. Космостук технология жана ядролук куралдарынан тышкары Орусиянын дүйнө менен атаандашкыдай өнүккөн технологияга таянган өнөр жай сектору жок. Ушул себептен Батыш өлкөлөрү дагы эле өз цивилизацияларын жогору көрүшүүдө жана илимий жактан, саясатта «чындыктын жалгыз өкүлү» болуу ойлорунан баш тарткан жок. Башкача айтканда батыш өзүн жалгыз гана жогорку цивилизация, дүйнөнүн калганын болсо цивилизацияланышы же болбосо заманбапташтырылышы керек болгон коомчулуктар түрүндө аныктаган ориенталист парадигманы дагы эле улантууда.
Өзгөчө АКШнын ашкере оңчул (neo-con тарап) жагынан алганда, алар Суук согушту жеңип алуунун манчыркоосунан кутула элек. 11-сентябрь алар үчүн мүмкүнчүлүк катары көрүндү.Эгер Ирак жана Афганстанда ийгиликсиз болгон болсок мунун себебинин колдогу аскердик, технологиялык жана саясий күчтөрдүн жетиштүү түрдө жана чечкиндүү түрдө колдонулбашынан келип чыкканына ишенишүүдө. Мисал үчүн Ирактын жана Сириянын ушул убакта ИШИМдин колунда оюнчук болушун жана ал эмес ИШИМдин күчтөнүшүн Демократ президент Обаманын Ирактагы аскерлерин керексиз түрдө чыгарып кетишинен келип чыкканын айтышууда. Ошондуктан күчүн жоготкон императорлуктун өкүлчүлүгүн ыктыярдуу түрдө кабыл алуунун ордуна, өздөрү түзгөн глобалдык гегемонияга баш көтөргөн күчтөргө жана идеологияларга каршы жаңы стратегияларды өнүктүрүп, аесуз түрдө күрөшүү керектигин жакташууда.


ИШИМ геополтикалык сценарийдин бир бөлүгү


Сөз орундуу болсо АКШда учурда Осмон империясынын акыркы мезгилиндеги сыяктуу кулоо жана оңдоо процессин жакшы башкарууга карай стратегиялар менен «мамлекетти түбөлүк кылуу» стратегиялары жарышууда. Мындайча айтканда Обама биринчисин, республикачылар жана нео-кондор экинчисин өкүлдүк кылышууда. Обаманын согуш жарыялоо жана күч колдонууга карай мынчалык каалоосуз болушунун негизги себеби да ушул. А бирок бир эле учурда каалабаса да ИШИМге каршы ыктыярдуулар коалициясын куруп абадан бомбалоого лидерлик кылышы да ошол эле Американын оңчул оппозициясынын Американын күчүн жана кызыкчылыгын жетиштүү түрдө коргой албаганы жөнүндөгү сындоолорду четке кагууга багытталган. Ар дайым рискке кирүүнүн ордуна рисктен алыс турган лидерлик мамилеси болгон Обама, бул жолу Украина боюнча Орусия сыяктуу чоң күч менен беттешүүдөн алыс туруп, ИШИМ сыяктуу дүйнөдөгү бардык маанилүү өлкөлөрдүн (Орусия, Иран жана Сирия режими) тынчсыздана турган уюм менен согушууну тандады. Мурда чыгышка жортуул үчүн Йерусалимди куткаруу мотиви жарактуу болчу, бирок негизги максат чыгыштын байлыктарын текшерүү эле. Эми да айырмасы жок. Көрүнгөн максат варвардык террор менен күрөшүү, а бирок негизги максат өзүнүн геополитикалык кызыкчылыктарын коргоо.
ИШИМ, башынан бери геополитикалык тема жана уюмдун мамилелеринин кимге кызмат кылганы тилекке каршы көп талкууга алынбай жатат. Эч ким бул суроолордун жообун издеген жери жок. Жакынкы Чыгышта келип чыккан ар бир олуттуу уюмдун сөзсүз башкы календарынын башында Изариль жана Палестина темалары орун алып жатканда, бул жаңы түзүлүш эмне үчүн Газа согушунда да өзүн көрсөткөн жок? Мусул басылып алынгандан кийин бул уюм түштүккө багыт алып Багдадга барышы керек болуп турганда, эмне үчүн түндүккө багыт алып күрт аймагына кол салды? ИШИМ Сирияда эмне үчүн Асад режимине каршы эмей эле, Эркин Сирия армиясы жана Түндүктөгү PYD көзөмөлүндөгү аймактарга кол салууда? Максат жалгыз эле мунай зат булактарынын текшерүүгө алынышыбы? Же болбосо аймактагы бардык актерлорду АКШнын жардамына муктаж кылуубу? Диктатор Асаддын айрым убакта химиялык куралдарды, айрым убакта баррель бомбаларын жана айрым убакта ачка калтыруу ыкмаларын колдонуп кыргын салуусу жетиштүү түрдө варвардык эмей эмне? Анда бул абалдын себебин терең изилдешибиз керек.


Оюн бузган өлкө-Түркия


Түркия акылдуу стратегия жүргүзүүдө. Батыштын оюндарын чечмелеп дүйнөгө түшүндүрүүдө жана каршы турушу менен алардын стратегияларын жараксыз кылууда. 1990-жылдардын геополитикалык айтымдары цивилизациялар кагылышуусу болчу. Түркия буга карабастан Цивилизациялар шериктештиги проектисин ишке киргизди. АК партия керек болсо сөз жүзүндө, керек болсо тышкы саясатында Европа Биримдигине мүчөлүк башында турган саясттары менен Европанын бардык эсептерин жок кылды. Европа өлкөлөрүн , «Европа Биримдигинин батыш цивилизациясы өнүктүргөн глобалдык принциптери боюнча түзүлгөн орток бир укук биримдиги проекти экендиги» жөнүндөгү айтымдарын далилдегенге мажбурлап бурчка такады. Ошондой эле кыймылды Араб жазы процессинде Сирия кризисинде көрсөткөн адамзаттык турушу менен жана ошондой эле Египет соккусу темасында бүткүл дүйнөгө демократиялык принциптерге баш ийгендигин көрсөтүп жалган цивилизациялык жана демократиялык дүйнөнүн карама-каршылыктуу жана жараксыз позициясын ортого чыгарды.
Эмдиги жаңы сценарий бул: Батыш, цивилизациялар кагылышуусу диалектикасынын акырында барып өз коомчулуктарына зыян тийгизгенин байкады. Бул жагынан алганда батыш жана АКШ, 11-сентябрь трагедиясынан абдан көп сабактарды алышты жана Ислам дүйнөсүндөгү геополитикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн жаңы стратегияны өнүктүрүштү. Жаңы проекттин аты «Цивилизациянын ичиндеги кагылышуу жана хаоско таянган көзөмөл стратегиясы». Бул жерде айтылган нерсе Ислам цивилизациясынын өз ичиндеги кемчиликтерин белгилөө, бул бөлүнүүчүлүктөрдү көкүтүү жана кагылышууларды арттыруу жолу менен мусулмандардын өз цивилизацияларына болгон ишеничин жок кылуу жана батыштын оюн куруучулугун кабыл алдырууга мажбурлоо болуп саналат. Акыркы бир канча жылдан бери Ислам дүйнөсүндө бул сценраийге басым жасалууда. «Исламга каршы ислам» саясаты да деп аталган бул хаос стратегиясы, башында тарыхый негиздери орун алган агымдык (Шия жана Эхл-и Сүннит) талаштары баш болгон, Нео-селефилик жана салтчылдык (мистикалык түшүнүк), исламий жамааттар, машраптар жана заманбап диний түшүнүктөрдүн арасындагы айырмачылыктарды күүлөп кагылышууга айландырууну максттап жатат. Өлкөбүздө акыркы бир жылда болгон жамаат-өкмөт талаштарын да ушул өңүттөн кайра кароо керек. Аль-Каиданын башка бир колу болгон ИШИМдин Ирак жана Сирияда эң оболу билип туруп жолунун ачылышы жана эми болсо адамзатты куткаруу үчүн анти-ИШИМ коалициясынын түзүлүшүнүн негизги максаты да бул. Канчалык көп кан акса стратегия да ошончолук ийгиликтүү болот.
Бул жерде Түркиянын мамилеси абдан орчундуу жана Батыштын бул оюнун бузууда ийгиликтүү болду. Көңүл коюп карап көрсөңөр, башынан бери Түркияны кандайдыр бир түрдө Сириянын ичиндеги кагылышууларга тарткысы келип жатат. Мунун максаты Түркияны Шиит-Суннит фронттошуусунда бир тарапка кошуу жана көп жылга созула турган жыйнтыгы жок кагылышуунун ичине киргизүү. Түркия барган сайын курчуп бараткан стратегиялык акылы менен бул сценрийлерди мурдатан көрдү жана согуштук учагынын түшүрүлүшүнө, 1,5 миллион качкынга кучак жаюуга аргасыз болгонуна карабастан, батыштык медианын көкүтүүлөрүнө алдырбастан сабырдуулук менен Сирияга кирүүгө каршы турду. Тээ батыш ИШИМге каршы түздөн-түз согушууга өткөнгө чейин. Эми ИШИМ менен күрөшүү эсептелгендин тескерисинче, исламдын ичиндеги согуш болуудан чыкты. Бүткүл адамзаттык үчүн күрөшүүгө айланды. Түркия батыш баштаткан бул күрөштөгү ордун алды. Уруксат документинин мазмуну жана мезгили саясий жактан алганда абдан маанилүү жана өтө туура. Түркиянын ролу аймактагы кризисти жана хаосту тереңдетүү эмес, болбойт да. Эми жаңы түзүлгөн коалицияда орун алган Түркия, бүткүл дүйнөгө максаттын жалгыз гана ИШИМ менен чектелүү болбошу керектигин, негизги максаттын Сирия баш болгон аймакта ИШИМ сыяктуу патологиялык түзүлүштөрдү пайда кылган ыраатсыздык чөйрөсүнүн жок кылынышы керектигин атайын түшүндүрүүсүн улантышы болуп саналат.

Булак: Стратегиялык ой-пикир институту


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар