Түркия жана дүйнө күн тартиби - 91

Чечүүчү жол- Тынчтык процесси жана ИШИМ менен күрөшүү

145009
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 91

Эки жылдай мурда башталган чечүүчү жол процесси азыркы учурда ийгиликтүү улантылууда. Бул процесстин негизги максаты 30 жылдык ПКК террорун соңуна чыгаруу, өлкөдө демократияны жана бир туугандыкты өнүктүрүүдө. Эки жылдын ичинде бул максаттын бир бөлүгү ишке ашты. Эки жылдан бери террордук кыймылдар токтоп, адамдар да ушул себеп менен каза болбой жатат. Бул жыйынтык дээрлик өлкөнүн бардык жеринде кубаныч жаратты. Өзгөчө аскер үй – бүлөлөрүнүн көз жашы, шейит жаназа зыйнаттарынын болбошу бакыт жаратууда. Чечүүчү жол процессинин максаты бир гана террордун бүтүшү эмес, ошол эле учурда ПКК террордук уюмдун куралын таштооосу, Түркия чектеринен чыгып кетүүсү жана акырында ПКК террордук уюмунун ликвидация болушу. Бул мааниде болсо алдыга жылуу болуп, процесс улантылууда. Себеби террористтер өлкөдөн толугу менен чыгып кеткен жок, ПКК террордук уюмунун ликвидациясы азырынча ишке аша элек. Бирок бул маселелер чечүүчү жол процесси бүттү деген мааниге келбейт. Түркия Жогорку Улуттук Парламенти ушул максатта абдан маанилүү бир алкактык мыйзамды кабыл алды. Ушундайча чечүүчү жол процесси өкмөттүн аракеттеринен башка мамлекеттин расмий же мыйзамдуу саясаты болду. Бир тараптан ХДП менен Имралыда камакка алынган Өжаландын арасындагы түздөн түз сүйлөшүүлөр улантылууда. Процесс улантылып, өткөн жумада ИШИМ террордук уюмдун Сириядагы кол салуулары жана жыйынтыктары процесстин келечегине байланыштуу кээ бир рисктерди жаратты.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессору Рамазан Гөзендин баа берүүсү.
Ишимдин Сирия жана Ирактагы кол салуулары акырында Кобани жана Ражова аймагына да өттү. Аймактагы 20дан ашуун күрт айылынын ИШИМ тарабынан колго түшүрүлүүсү менен жергиликтүү калк Түркия чек арасына карай көчүүгө мажбур болду. Сандары абдан көбөйгөн, Түркия чек арасын ачып кыйынчылык тарткан ирактык күрттөрдүн жана башка адамдардын коопсуздугун түздү. Саны 130 миңден ашкан көчмөндөрдүн бир бөлүгү аймактагы туугандарынын жанына жайгашышты, кээ бирлери болсо өкмөт берген отурукташуу жерлерине жайгаштырылды. Бул саясат Түркиянын кыйынчылык тартып жаткан адамдарга жана күрттөргө берген маанини көрсөтүүдө. Түркиянын мамилеси өлкөдөгү күрт тектүү жарандардын колдоосун алып, ХДП катчылары өкмөттүн саясаттарына рахмат айтышты.
Бирок бир тараптан террордук уюм ПККдан жана ХДПтин кош төрагасы Демирташтан бул оң абалга тескери маалымат келди. ПКК жана Демирташ Сирияда ИШИМге каршы согушуу үчүн күрт жаштардан турган күчтүн курулуусун сунуш кылды. Буга Түркиядан да катышуунун болушу суранылды. Буга окшогон бир маалымат да Ирак Күрт башкаруусунун төрагасы Барзаниден келди. Барзани ирактык күрттөрдү ИШИМге каршы согушууга жана эл аралык коомчулукту Ражовадагы күрттөрдүн коргоого алынуусу багытында чара көрүүгө чакырды. Бул маалыматтар эгерде ишке ашырыла турган болсо ИШИМге каршы күрөшүү кыймылы болушу мүмкүн. ИШИМ менен күрөшүү жактан бул кадам рисктер менен толо. Бул риск ИШИМге каршы күрт күрөшү, чечүүчү жол процессинин актерлорунун мамилесин буза турган абалдарды жаратышы мүмкүн жана бул да процесске сокку бериши мүмкүн. Бул рисктин эки багыты бар. Биринчиси террордук уюм ПКК багыттаган жаштардын ИШИМге каршы согушуусу, алардын куралдануусу же үнү чыкпаган куралдардын кайрадан колдонула башташына жол ачат. Террордук уюм ПККнын кайрадан куралдарын колдоно башташы, Чечүүчү жол процессинин негизги максаты болгон уюмдун куралсыздандырылуусу максатына сокку берет. Рисктин экинчи багыты бул ПКК террористтеринин ИШИМге каршы күрөшүүсү, ИШИМ менен күрөшүүнүн негизинде пайдалуу болуу менен бирге Түркиянын кургактык согушуна катышпоо максатына зыянын тийгизет. Түркия НАТО өлкөлөрүнүн жол башчылыгында ИШИМ менен күрөшүүгө принцип катары колдоо берүүдө, бирок аскердик операцияларга катышууну каалабайт. Ушул себеп менен мындай бир абал Түркиянын саясатына тескери абалды пайда кылат.
Бул бардык абалдардын чечүүчү жол процессине карата коркунучу да, негизи диалог жана макулдашууну камтыган процесстин ордуна куралдуу кагылышуу процессинин кайрадан башталуу ыктымалы. Чечүүчү жол процессинин негизги философиясы социалдык жана саясий методдор менен чечилүүсүнө шарт түзүүдө. Түркия Жогорку Улуттук Парламенти кабыл алган Алкактык мыйзамы ушул мааниде маанилүү бир кадам. Эми болсо бул мыйзамдын ишке ашуусу жана маселелердин чечилүүсү. Ушунун негизинде эң негизги максат болсо тоодогу террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн куралдарын таштап үй – бүлөлөрүнө жана коомго кайтып келүүсүнө шарт түзүүдө.
Эгерде террордук уюм ПКК кызматкерлери ИШИМге каршы согуша баштай турган болсо бул максаттын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү аз. Террордук уюм ПКК менен ИШИМдин Сирия жана Ирак чектеринде согушуусу, Түркиянын коопсуздугуна да тескери таасир берет.
Андай болсо бул рисктерге бөгөт болуу үчүн эмне жасоосу керек? Мунун бир гана жолу тараптардын бири биринен көз карандысыз кыймыл кылуудан баш тартып, бирдикте күрөшүүсү. Ирактык күрт топтордун өз атына чечим чыгаруудан алыс туруусу жана өкмөттүн ИШИМ менен күрөшүү саясатына колдоо берүүсү. Түркиянын жол башчылыгында жүргүзүлө турган ИШИМ террору менен күрөшүү стратегиясы Чечүүчү жол процессинин философиясына жана ишке ашырууларына шайкеш бир кадам. Бирге ташталган кадамдар, Чечүүчү жол процессинин дагы да ийгиликтүү болушуна шарт түзүп, ИШИМге каршы ийгиликти күчтөндүрөт.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар