Түркия жана дүйнө күн тартиби-90

ИШИМ менен күрөш жана негизги маселелер,Түркиянын ролу.

134119
Түркия жана дүйнө күн тартиби-90

Акыркы учурларда бүткүл дүйнө Ирак-Шам Ислам мамлекети уюмунан (ИШИМ) кантип кутулары тууралуу ойлонууда. Чыгыш менен батыш жана ислам дүйнөсү ИШИМди түшүнүүгө аракет кылууда. НАТОнун Уэльстеги саммитинде негизги күн тартип маселеси ИШИМ менен күрөшүү болду. Андан кийин президент Обама ИШИМ менен күрөшүү үчүн 4 баскычтуу стратегияны жарыялады. Ушунун негизинде суннит өлкөлөр коалициясынын түзүлүшү максатында Жиддада көп катышуучусу болгон жыйын өткөрүлдү. Бул жыйында Обаманын стратегиясына колдоо берген документке кол коюлду.
АКШ жана коалицияга кирген өлкөлөрдүн аба күчтөрү абадан операция жүргүзүп ИШИМ күчтөрүнүн куралдуу күчүн жок кыла тургандай көрүнүүдө. Ошол эле учурда Ирак жана Сириянын кургактыктагы аскердик күчтөрүнөн жардам алат. Бул процессте ИШИМге жаңы күчтөр кошулбашы үчүн чек аранын текшерүүсү күчтөндүрүлөт. Жеринен качкан жана башка кыйынчылык тарткан элдерге гуманитардык жардам берилет.
Кагаз жүзүндө жана расмий түрдө абдан жакшы көрүнгөн бул стратегия алгачкы күндөн эле ар түрдүү тоскоолдуктар менен беттеше баштаган. Мисалы коалицияга кошулуусу пландалган өлкөлөрдөн нааразычылыктар келе баштады. Германия аскердик операцияга катышууну каалабаганын билдирди. Түркия Жидда документине кол койгон жок. Көптөгөн адистер стратегияда олуттуу боштуктардын бар экенин айтышууда. Жасалган сурамжылоого караганда америкалыктардын 53 пайызы Обама стратегиясынын таасирдүү болбой турганын болжолдоп жатат. Өзгөчө бул стратегиянын кандай жана кимдер тарабынан ишке ашырылары тууралуу так маалымат жок. Кайсы өлкөнүн абадан жана кургактыктан жүргүзүлө турган операцияларга катышары, бул операциялардын чыгымынын ким тарабынан камсыз кылынары жана бул стратегиянын чындыгында таасирдүү болуп же болбой турганы талкууланууда. Булар менен бирге ИШИМге каршы күрөшүүнүн канчалык реалдуу, таасирдүү жана бекем экенин аныктоо керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү:
Обаманын стратегиясында бир маселе жана бир кемчилик бар. Маселе: террор фактысын аскердик же башка сокку жолу менен соңуна чыгаруу мүмкүн эмес. ИШИМ террористтеринин өлтүрүлүүсү үчүн жасала турган абадан жана кургактыктан жүргүзүлө турган операциялардан аймактагы чыңалуунун деңгээлин дагы да күчөтүп жиберээри; ал түгүл операцияга каршы ИШИМге кошулган кишилердин саны дагы да көбөйүшү мүмкүн.
Стратегиянын дагы бир кемчилиги ИШИМдин чыгуу булагы тууралуу маалыматтын жана ага каршы чаранын болбошу. Стратегия маселенин чыгуу себебин изилдөөнүн ордуна жыйынтыктары менен алектенүүдө. Башкача айтканда стратегия чиркейлер менен алектенип, бирок ошол чиркейлер чыккан жерди жок кылууну ойлобогон жок.
ИШИМ оболу Сирия жана Иракта жүргүзүлгөн жаңылыш эл аралык саясаттардын, батыштык жана ислам өлкөлөрүнүн ийгиликсиздигинин жыйынтыгы. ИШИМдин булагы 1990 – жылдардан ушул күнгө чейин Иракта жана 2011 – жылдан баштап Сирияда ортого чыккан күч боштугу. ИШИМ АКШнын Иракты басып алуусунан кийин, Сриядагы граждандык согуштан улам жана борбордук бийликтин кулоосунан улам келип чыккан жана күч алган. Эгерде Ирак менен Сирияда мамлекеттик органдар бийлигин сактап жана бул өлкөлөрдөгү зулум диктаторлордун ордуна мыйзамдуу бийлик келгенде ИШИМ сыяктуу уюмдар жаралып жана жайылбас эле.
ИШИМдин пайда болушунда Ирак жана Сриядагы күч боштугунун жаралуусунда роль ойногон батыштык жана аймак өлкөлөрүнүн олуттуу үлүшү бар. Мисалы ИШИМдин 2013 – жылы пайда болушунда батыштык өлкөлөрдөн келген согушчандардын роль ойногону белгилүү. Лондондон Парижге, Америкадан Германияга чейин бир топ булактан келген радикал мусулмандардын ИШИМди чоңойтуп жана жайылтканы маалым. Көпчүлүгү батыштык - заманбап билим алган, Батыш коомунда өскөн, Батыш системасында жетилген бул жаштардын эмне себептен ИШИМ сыяктуу уюмдарга кошулганы Батыштан суралышы керек. Эгерде бул билип туруп, пландуу жасалган Батыштын чалгындоо операциясы болбосо же ИШИМге кошулуу батыштык мамлекеттердин багыттоосу болбосо, анда Батыш дүйнөсүнүн бул профилдеги жаштарды кантип тарбиялаганын талкуууга алуусу керек. Бул жагынан алганда ИШИМ батыштын терең маселеси.
Бир тараптан караганда ислам өлкөлөрү жана маданияты Кураандын маңызында болбогон ИШИМ сыяктуу адам профилин кантип чыгарууда? Ислам окуусу жана аң – сезими кантип мындай маселелерге булак болууда? Өзгөчө ИШИМ ээ болгон зомбулукту жактоочу жана террордук аң – сезимдин, тынчтык жана бир туугандыкты жактаган ислам менен кандай байланыштырылганын иликтөө керек. Эгерде ИШИМ кыймылдары ислам менен байланыштуу болбосо эмне себептен мындай имидждин пайда болгону да өзүнчө бир маселе жана иликтенүүсү керек.
Жыйынтыктасак, ИШИМ менен күрөшүү керек; бирок бул күрөш туура ыкмалар менен жана маселенин чыныгы булактарын табуу менен жүргүзүлүшү керек. Эң негизгиси коалиция өлкөлөрү жана башка кишилер олуттуу өзүн сындоолор менен баштоосу керек. 20 – кылымдын башынан бери олуттуу ыраатсыздык ичиндеги ислам жана Батыш өлкөлөрү да бул процессте каралып чыгуусу зарыл. Заманбап дүйнө системасын жана бул системадагы ислам өлкөлөрүнүн 500 жылдык тарыхын кайрадан окууда пайда бар. Бул окуу, ИШИМ сыяктуу маселелердин, батыштын жогорулоосу жана дүйнөгө жайылуусунчалык ислам цивилизациясынын төмөндөшүнөн чыкканын көрсөтөт.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсүн окудуңуздар.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар