Түркия жана дүйнө күн тартиби - 89

НАТОнун Галлер саммити, абдан маанилүү чечимдер жана Түркия

124505
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 89

2014 – жылдын 4- 5 – сентябрь күндөрү НАТОнун саммити өткөрүлдү. Галлер саммитинде НАТО бетме – бет келген маселелер талкууланды. 28 мүчө жана жалпы 60 мамлекеттин мартабалуу өкүлдөрү катышкан саммиттен төрт чечимге маани берилди. Биринчиси 5000 аскерден түзүлө турган Чукул кийлигишүү күчүн Борбордук Европага жайгаштыруу чечими. Экинчиси Украина менен Орусиянын арасында ок атууну токтотуу келишими боюнча чечим. Үчүнчүсү ИШИМ жана башка террордук уюмдар менен күрөшүү максатында 10 мүчөдөн турган коалицияны түзүү чечими. Төртүнчүсү Түркиянын аймактык ролунун кайрадан баса белгиленүүсү. Ушунун алкагында маанилүү бир абал президент Эрдоган менен президент Обаманын көпкө созулган убакыттан кийин кайрадан биринчи жолу бетме – бет жолугушуусу эле. Бул жолугушуу Түрк – Америка карым – катнаштары жактан жана Түркиянын Чыгыш – Батыштын арасында көпүрө ролун кайрадан алдыга чыгаруусу жактан абдан маанилүү. Керек болсо Галлер саммити керек болсо күчтөндүрүлгөн Түркия – АКШ карым – катнаштары, түрк тышкы саясаты, аймактык жана эл аралык саясат жактан башка бир орунга ээ болушу мүмкүн.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
НАТО дүйнөнүн эң күчтүү, бүтүндөшкөн жана тажрыйбалуу коопсуздук уюму болууну улантууда. АКШ жана Европа мүчөлөрүнүн аскердик, экономикалык, саясий жана технологиялык күчү НАТОну негизги уюм кылган. Бул күч баш катчы Расмуссендин саммитте белгилегендей Трансатлантика аймагын ишенимдүү, ыраатуу абалга алып келди. НАТО курулган 1949 – жылдан бери бирок өзгөчө Суук согушта мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактап калууда ийликтүү болгонун айтуу керек. Бирок мунун шартсыз ийгилик тактап айтканда ар кандай шарттарда жана маселелерде ийгиликтүү болгонун айтуу кыйын. Өзгөчө Суук согуштан кийин НАТОго карата абдан маанилүү нааразычылыкар билдирилген. Ал түгүл НАТОнун өз мүчөлөрүнүн арасында жана дүйнөдө ыраатсыздыкты пайда кылганы жана кагылышууларды көкүткөнү тууралуу көз караштар бар. Мисалы Орусиянын Украинанын басып алуусу жана ИШИМ маселеси, НАТОнун жана мүчө өлкөлөрдүн күчүнүн чектерин көрсөткөн. Украина НАТО мүчөсү болбосо да НАТО өлкөлөрү ачыкча колдогон өлкө. Ушуга карабастан Орусия НАТОго каршы чыгып Украинанын Крым аймагы басып алып жана иннекция жасады. НАТОнун мүчөлөрү бул басып алууну токтотпогондой эле соңуна чыгаруу үчүн жасаган эмбарголору да таасирдүү болгон жок. Саммит учурунда Украина менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн ок атууну токтотуу бул согушту токтото алат, бирок Крымдын мурунку статусуна кайтаруу үчүн дагы көп аракет кылуу керек.
НАТО мүчөлөрүнүн ийгиликсиздиги Сирия кризисинде көрүндү. Сирия кризисинин пайда болушунда бардык НАТО мүчөлөрүнүн аз же көп, түздөн түз же кыйыр ролдору бар. Сирия ички согушунун күч алуусунда НАТО өлкөлөрүнн кээ бирлеринин активдүү, кээ билеринин пассивдүү таасири унутулбашы керек. Түркиянын чек ара коопсуздугу Сирия тарабынан көптөгөн жолу бузулду. Бир түрк аскердик учагы Сирия тарабынан атып түшүрүлдү. Түркиянын улуттук коопсуздугу коркутулду. Бирок НАТО белгилүү 5 – беренени ишке киргизе алган жок, мүчөлөрүнөн бирөөсүнө кол салуу жасала турган болсо ишке ашуусу керек болгон орток коопсуздук механизмасын турмушка ашыра алган жок. Мунун ордуна 4 – берененин алкагында Түркиянын жанында экени жарыяланды, чек арасына патриот ракеталары жайгаштырылды. Бул ишке ашыруулардын Түркиянын коопсуздугуна салымын кошкону кабыл алынса да Сириядан келген коркутуу потенциалын толугу менен жок кылган жок. Бул чара Түркиянын түштүк чек арасындагы коопсуздук коркутуусун жок кыла алган жок. Сириядагы чечилбеген маселе НАТО мүчөлөрү абдан тынчсызданган ИШИМ сыяктуу террордук уюмдарын күчтөндүрдү. НАТО мүчөлөрү жана өзгөчө АКШ, Англия, Франция жана Германия сыяктуу мүчөлөр ИШИМдин 3 айга жакын убакыттан бери жүргүзүп жаткан террордук кыймылдарга карата эч бир чара көрүшкөн жок. Бирок азыр ИШИМ коркутуусу аймакты таасирине алуусу менен НАТО чара көрүүгө мажбур. ИШИМдин бир гана аймак өлкөлөрүн эмес, ошол эле учурда дүйнөнүн коопсуздугун коркутканы кеч болсо да байкалды.

НАТО өлкөлөрү бул эки маселеге карата абалдарды оңдоого аракет кылууда. Галлер саммитинин максаты Афганстан маселеси менен бирге Украина жана ИШИМ маселелерине чечүүчү жол табуу. Ушунун алкагында Орусиянын Чыгыш Европа өлкөлөрүнө жасай турган ыктымалдуу кол салууларды алдына алуу жана ИШИМге каршы кургактыктан кыймылдын тышында аскердик, чалгындоо, экономикалык жана саясий операциялардын жасалуусу пландалууда. Президент Обама басма сөзгө берген маегинде бул багытта бир стратегиянын белгилерин берди. Бул стратегиянын так түрдө эмнени камтыганы, кичинекей коалициядагы өлкөлөрдүн кандай роль ойной турганы жана ыктымалдуу рисктердин эмнелер болору талкууланууда. Мисалы Түркиянын бул стратегияда маанилүү роль ойной турганы белгиленүүдө; бирок бул ролдун эмне болору да билдириле элек. Бул белгисиздиктерден улам НАТО чечимдеринин ишке ашуусу баскычында нааразычылыктар келиши мүмкүн.
Өзгөчө Түркиянын ИШИМге каршы операцияларда бул тынчсыздануулардын бар экени айтыла алат. Биринчиси азыр да ИШИМ барымтага алган 49 түрк элчилик кызматкеринин өмүрү коркунучка кирбеши керек. Экинчиси ИШИМге каршы жүргүзүлө турган операцияларда түрк аба базаларынын жана аба мейкиндигинин колдонулуусу Түркияны аймактык бир согуштун ичине тартпашы керек. Үчүнчүсү Түркияны аймак менен бетме – бет алып келе турган бир стратегия болбошу керек. Акырында ИШИМ менен күрөшүп жатып аймактагы террордук уюмдарынын жана буга окшогон кагылышуучу актерлордун күчтөнүүсүнө уруксат берилбеши керек. Аймактагы ыраатсыздыкты дагы да күчтөндүрбөшү керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар