Түркия жана дүйнө күн тартиби - 83

Ислам имиджи маселелери жана себептери

79698
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 83


Ислам жана мусулмандыктын бүткүл дүйнөдөгү имиджи ислам дүйнөсүнүн эң негизги темаларынын бири. Дүйнөдө ислам жана мусулмандар тууралуу абдан жакшы түшүнүктөр болгондой эле тилекке каршы терс түшүнүктүр да бар. Батыштык өлкөлөрдө исламиеттин жана мусулмандардын тынчтыкты сүйгөн жана абдан баалуу нарктарга ээ экенин ойлогондор бар болгондой эле тилекке каршы террорист же жаман экенин ойлогондор да бар. Бул түшүнүктөрдүн биринчиси абдан туура жана чындык, бири болсо жаңылыш жана чындык тышы. Себеби исламиет тынчтык, бир туугандык, жардамдашуу, колдошуу, меймандос, мээрим сыяктуу абдан баалуу нарктарга ээ жана мусулмандардын бул нарктарга ылайык кыймыл кылуусун каалайт. Мунун эң так мисалдарынын башында мусулмандардын өткөн айда жашаган Рамазан айы келет. Мусулмандар бул айда бир гана орозо эле кармаган жок, ошол эле учурда социалдык колдошуу, экономикалык жардамдашуу жана бөлүшүү үлгүлөрүн көрсөтүштү. Ислам түшүнүгү башка адамдарга мээрим салууну, алардын маселелерин чечүүгө аракет кылууну, кыйынчылыгын азайтып дагы жакшы жашоону сунуштайт. Ушул максатта байлардын жакырларга зекет берип экономикалык жардам берүүсүн буйрук кылат. Ошондой эле кыйын абалдагы же зулумдук көргөн кишилердин жандарынын жана малдарынын коргоого алынуусу үчүн чаралардын көрүлүүсүн каалайт. Эмам башкача айтканда коопсуздукту түзүү мекемеси деген система боюнча ислам тарыхында жана бүгүн жакырларды жана күчсүздөрдү коргогон имарттар салынган.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.
Дагы көп мисалдарды келтирүүгө боло турган исламдык нарктар тилекке каршы заманбап мезгилде көрбөстүккө салынууда. Кээ бир ислам аймактарында бул нарктарды тебелеген кээ бир мусулмандар жана уюмдар ортого чыгууда. Ислам дүйнөсү эң көп кыйынчылык тарткан маселелердин башында мына ушул киши жана уюмдардын жаңылыштыктары келүүдө. Булардын башында болсо жихат кылганын айткан уюмдар турат. Мисалы Боко Харам, Аль Каида, ИШИД сыяктуу уюмдардын кыймылдары, абдан чоң имидж эрозиясын жаратууда. Бул уюмдар исламдын куралдуу жана кыргындар менен өзүн коргой аларын же жайыла аларын ойлошууда. Боко Харам уюму мусулман кыздардын билим алуусуна тыюу салынган деген ой менен кыздарды уурдап качуусу; Аль Каиданын каапырларды жана жардам бергендерди жазаландыруу деген ой менен күнөөсүз кишилерди өлтүрүүсү, ИШИД сыяктуу уюмдардын секта атынан мусулмандарды баштарына атуу менен өлтүрүүсү жана дагы биртоп мисалды келтирүүгө болот. Ислам аалымдары четке каккан иштер. Мындай мисалдар исламды каралап, мусулмандыкка террор этикеткасына жабыштырууда. Бул мисалдар ислам дүйнөсүнө эч бир пайда алып келбестен тескери абалдарды жаратууда. Бүткүл дүйнөдө исламга каршы коомдук пикирдин пайда болушунда роль ойноп жатат жана исламдын түшүнүлүүсү жана жактырылуусуна абдан чоң сокку берүүдө.
Ушундай проблемалуу жана мусулман имиджине зыянын тийгизген бул уюмдар кайдан чыгып жатат? Бул уюмдар исламдын маңызын билбейби? Же башкача анализдеп жатабы? Ошол эле учурда тескери ислам имиджинин пайда болуусунда роль ойногон бул факторлор булар:
Биринчиси бул уюмдар, актуалдуу маселелердин радикализм жана сокку менен чечиле аларын ойлошот. Тарыхта харижилик башкача айтканда радикал түшүнүккө окшогон Кураанды жана хадистерди текст катары окуп ишке ашырууга аракет кылат. Ислам жана буйруктарынын анализделип ишке ашуусун четке кагат. Ушундай ишенгендиктен Кураандагы капырларды көргөн жерде өлтүргүлө сыяктуу буйруктарды, буйруктун контексин жана мезгилдин конъюнктурсына көңүл бурбастан турмушка ашырууга аракет кылат. Заманбап радикалдуулук деп айтууга боло турган бул түшүнүк, куралдуу жана соккуга таянган күрөшүүнү мужизалуу чечүүчү жол методу катары кабыл алат.
Экинчиси азыркы күндөгү улуттук жана эл аралык системадагы тескери абалдар бул кыймылдарды мотивациялап турат. Өзгөчө ислам коомдору беттешкен маселелер, басып алуучулук, кысымдар жана кризистер бул уюмдарга күчтүү негиздерди сунууда. АКШнын Иракты жана Афганстанды басып алуусу, Израилдин Палестинанын басып алуусу жана кыргындары, Босния согушунда жүз миңдеген мусулман бошнякты өлтүрүүсү жана дагы бир топ мисалдар, Батышка каршы чыгууну күчтөндүргөн. Израилдин Палестинадагы кол салуусу, кыргын жана укуксуздуктун эч кандай токтотула албашы, сокку жана кагылышууларды азыктандырууда.
Үчүнчүсү бул уюмдар батыштык медиа каналдары жана каражаттарынын материалы болду. Исламга жана мусулмандарга шектенүү менен караган кээ бир медиа каналдары мындай уюмдарды кээде абдан апыртуу менен күчтөндүрүп жатышат. Бул апыртуу бир тараптан ислам имиджин каралап, бир тараптан да мындай кыймылдарды реклама кылуу менен күчтөнүүсүнө салымын кошууда. Батыштык же анын тышындагы медиада орун алган бул уюмдар, сокку менен күчтөнгөнүн ойлоп кыймыл кылууну тандап жатат.
Исламдын маңызындагы оң, тынчтыкты сүйгөн жакшы жактарына аз орун берилип, террор жана сокку уюмдарынын алдыга чыгуусу жаман ниеттеги манипуляция болууда. Ошондуктан исламдын тескери имиджи бир гана ушундай мусулмандардын эмес, ошол эле учурда шектенген батыштыктардын да маселеси. Батыштык мамлекеттердин жана медианын ислам өлкөлөрүнүн маселелерин көрбөстүккө салуусу же көкүтүүсү бул кыймылдардын азыктануу булактарынын бири.
Мармара университеинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар