Эрдоган: «Нетаньяху Газадагы төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн жооп берет»

Президент Эрдоган өзү төрагалыгын жүргүзгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

2139945
Эрдоган: «Нетаньяху Газадагы төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн жооп берет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Газадагы геноцидге ортоктош болгондордун төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн жооп берерин айтты.

Президент Эрдоган өзү төрагалыгын жүргүзгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

Израилдин Газада 7 айга созулган геноцидине дагы бир жолу каршы чыккан президент Эрдоган: «Нетаньяху жана геноцидге ортоктош болгондор төгүлгөн ар бир тамчы каны үчүн жооп беришет. Геноцидчилерди мыйзам алдында жоопко тартуу үчүн аларды кежигеден алабыз. Израиль Газада калат деп ойлобогула. Эгер бул оолуккан мамлекет, бул террордук мамлекет токтотулбаса, убада кылынган жер деген алдамчылыгы менен эртеби-кечпи Анадолуга көз артат»,-деди.

Эрдоган өз жерлеринин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн жана Анадолуну да коргогон Палестинанын каршылык кыймылы Хамастын жанында болууну уланта тургандарын айтты.

Израиль тараптын кара пропагандасына реакция кылган Эрдоган: «Сионисттик канкорлор жана алардын пешкалары бизди бутага алып жатканы корко турган же тартына турган нерсе эмес, биз көкүрөгүбүздө сыймыктануу менен алып жүрө турган ардак белгиси»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар