Фидан- Шалленберг маалымат жыйыны

Хакан Фидан расмий сапар менен Анкарага келген Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2139476
Фидан- Шалленберг маалымат жыйыны

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин миңдеген бейкүнөө палестиналыктарды системалуу түрдө өлтүрүшү жана миллиондогон адамдарды өз жерлеринен ажыратышынын геноцид экенин айтты.

Хакан Фидан расмий сапар менен Анкарага келген Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Израилдин Палестина жерлерин басып алганын билдирген министр Фидан, «Израиль - оккупациялык держава. Бул жердеги согуш жөн жерден чыккан согуш эмес. Оккупация бар жана бул басып алуу эч качан токтобойт. Эл аралык коомчулук кысым көрсөткөн жок, токтото албады, эч нерсе кыла алган жок»,-деди.

7-октябрда Хамастын Израилдеги кол салуусунда карапайым калктын өлтүрүлүшүн Түркиянын айыптаганын маалымдаган Фидан: «Бул биздин принцип, бирок ошондой эле түрдө Израилдин миңдеген бейкүнөө палестиналыктарды бир күн эмес 7 ай бою системалуу түрдө өлтүрүшү адамзатка каршы кылмыш. Геноцид аракети болуп саналат»,-деди.

Тышкы иштер министри, «Баскынчылыкка каршы күрөшкөн, өз жерин коргогон каршылык көрсөтүү кыймылын террордук уюм деп айтууга болбойт. Хамас каршылык көрсөтүү кыймылы террордук кыймыл эмес,»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар