Стамбулда аккумулятор заводу ачылды

Стамбулда курулган аккумулятор чыгаруучу заводдун ачылышын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр жасады.

2135947
Стамбулда аккумулятор заводу ачылды

Улуттук автомобиль бренди Toggдун негизинде электр унаа рыногунда барган сайын күчтөнгөн Түркия, аккумулятор тармагындагы инвестициясын да улантууда.

Стамбулда курулган аккумулятор чыгаруучу заводдун ачылышын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр жасады.

Министр Кажыр, электр автобустарынан электр жана күйүүчү май батареялары менен иштеген жүк ташуучу унааларга, жеңил коммерциялык унаалардан курулуш техникаларына жана ошондой эле электр яхталарына чейин ар кандай транспорттук унааларга аккумулятор чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Ampherr Batteryнин Европадан Америкага чейинки рыноктордо Түркияны сыймыктануу менен өкүлдүк кыла турганын айтты.  

Заводдун Түркиянын кошумча аккумулятор өндүрүү кубаттуулугун арттыра турганын маалымдаган министр Кажыр: «Ampherr Battery Technologies заводу менен биз 2024-жылдын аягына чейин 500 мегаватт сааттык, 2025-2026-жылдары болсо акырындык менен 2 гигаватт сааттык кошумча батарея өндүрүү кубаттуулугуна жетебиз»,- деди.

Министр Кажыр Түркияны аймактык аккумулятор өндүрүштүк базасы кылуу үчүн инвестиция жана аракеттердин толук ылдамдыкта уланып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар