Түркиянын ЕБ саммитинин чечимдерине байланыштуу билдирүүсү

Тышкы иштер министрлигинен 17-18-апрелде өткөн Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын атайын саммитинин жыйынтыктарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2129458
Түркиянын ЕБ саммитинин чечимдерине байланыштуу билдирүүсү

Түркия Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарындагы жылыш менен Кипр маселесинин байланыштырылышы эч качан кабыл алынбай турганын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинен 17-18-апрелде өткөн Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын атайын саммитинин жыйынтыктарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн саммитте Түркияга байланыштуу кабыл алынган чечимдердин Европа Биримдигинин Түркия жана глобалдык өнүгүүлөргө карата стратегиялык көз карашынын жоктугунун жаңы бир мисалы болгону белгиленип, саммиттин жыйынтыгында Түркия менен кызматташтык жана өз ара пайда үчүн карым-катнаштарды өнүктүрүү ЕБнин стратегиялык кызыкчылыгында экени баса белгиленди.

Бир тараптан Европа Биримдиги Комиссиясынын вице-төрагасы жана тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен ЕБ Комиссиясы тарабынан даярдалган ЕБ-Түркия карым-катнаштары боюнча биргелешкен декларациядагы сунуштарга байланыштуу конкреттүү чечимдердин алынбай жатканы олуттуу карама-каршылык болуп саналаарына көңүл бурулган билдирүүдө, «Түркия-Европа Биримдиги карым-катнашындагы жылыш менен Кипр маселесин байланыштыруу биз тараптан эч качан кабыл алынбайт. Көп кырдуу Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын Кипр маселесине азайткан түшүнүктөн баш тартуу керек. Мындай менталитет Кипр маселесине же башка регионалдык жана глобалдык маселелерге оң жана конструктивдүү салым кошо албайт»,деп айтылды.

Билдирүүдө талапкер өлкө Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүккө карата чечкиндүүлүгүн улантканы баса белгиленип, «Муну менен катар биз тандалма бир түшүнүк менен кызматташтыгыбызды кээ бир аймактар ​​менен чектөөнү четке кагабыз. Европа Биримдигинин алдыдагы мезгилде Түркияга карай кадамдарынын ылдамдыгына, деңгээлине жана көлөмүнө жараша ЕБ менен диалогубузду өз ара мамиленин алкагында талкуулайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар