Эрдоган Израиль менен Ирандын тирешүүсүнө карата үн катты

Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

2128561
Эрдоган Израиль менен Ирандын тирешүүсүнө карата үн катты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Иран менен болгон чыңалуудан жалгыз Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жооптуу экенин айтып:«Газадагы зулумдук жана геноцид токтобосо, биздин аймак жаңы чыңалууларга кош бойлуу экени анык»,-деди.

Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Ал өз сөзүндө Тегеран менен Тель-Авивдин ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө көңүл буруп:«Ал туптуура 193 күндөн бери бүткүл дүйнөнүн көз алдында (Газа тилкесинде) геноцид кылып жаткан жана коомдук басымды азайтуу үчүн ар кандай шылдыңдарды көрсөткөн Нетаньяхудан башка эч ким эмес. 13-апрелге караган түнү жүрөгүбүзгө жеткен чыңалуунун (Ирандын Израилге абадан чабуулу) негизги себеби Нетаньяху жана анын канкор башкаруучулугу»,-деп айтты.

Түркиянын өзгөчө акыркы эки күндө Газадагы кыргындарды экинчи планга өткөрбөө үчүн байланыштарын арттырганын белгилеген Президент:«Отко май куюу жана Нетаньяхунун администрациясын тынымсыз эркелетүү эч кимге жакшылык алып келбейт. Газадагы зулумдук жана геноцид токтобосо, биздин аймак жаңы чыңалууларга кош бойлуу экени анык»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар