Түркиядан Черногорияга азык-түлүк жардамы

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) муктаж болгондорго жардам берүүнү улантууда.

2119962
Түркиядан Черногорияга азык-түлүк жардамы

Түркия Черногорияда, муктаж болгон 1150 үй-бүлөгө негизги керектөөлөрдөн турган азык-түлүк пакеттерин таратты.

Рамазан айынан улам Батыш Балкан өлкөлөрүндө иш-аракеттерин уланткан Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) муктаж болгондорго жардам берүүнү улантууда.

Черногория Ислам Биримдиги жана ТИКАнын кызматташтыгында жүргүзүлгөн жардам иштеринин алкагында борбор шаар Подгорица менен бирге Никшич, Пльжевля, Бижело Полье, Розаже жана Тузи шаарларында 1150 үй-бүлөгө эң негизги керектөөлөрдү камтыган азык-түлүк пакеттери жеткирилди.

Розаже шаарындагы бөлүштүрүүгө Түркиянын Подгорица элчиси Барыш Калкаван да катышты.

ТИКА ошондой эле Борбордук Африка Республикасындагы балдар үйүнө жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк колдоосун көрсөттү.

Президент Фаустин-Арчанж Туадеранын жубайы Брижит Туадеранын демөөрчүлүгү менен борбор калаа Бангиде иш алып барган «Cri de coeur d'une Mere (Эненин жүрөгүнүн ыйы)» фондуна азык-түлүктөн турган кутулар жеткирилди.

Долбоордун алкагында 1200 жетим бала жашаган эки балдар үйүнө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү.

Банги шаарындагы Ибрагим Салех мечитинде муктаж болгон үй-бүлөлөргө да азык-түлүк пакеттери таратылды.



Тектеш кабарлар