Эрдоган:«Тынчтыктын түзүлүүсү үчүн Стамбулда мурда курган сүйлөшүү үстөлүн кайрадан түзүүгө даярбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украина-Түштүк-Чыгыш Европа саммитине видео кайрылуу жолдоду.

2108834
Эрдоган:«Тынчтыктын түзүлүүсү үчүн Стамбулда мурда курган сүйлөшүү үстөлүн кайрадан түзүүгө даярбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2-жылы аяктаган Орусия-Украина согушуна байланыштуу: «Тынчтыктын түзүлүүсү үчүн Стамбулда мурда курган сүйлөшүү үстөлүн кайрадан түзүүгө даярбыз»,-деди.

Президент Эрдоган Украина-Түштүк-Чыгыш Европа саммитине жолдогон видео кайрылуусунда Түркиянын Украинанын көз карандысыздыгына, эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана жеринин бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосун эске салып, Крым татарларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык аракетин жасаганын баса белгиледи. Эрдоган согушту адилеттүү жана туруктуу тынчтык менен токтотуу үчүн дипломатия жана диалогго мүмкүнчүлүк берилиши керек деген көз карашын карманганын белгиледи.

«Ошондой эле биз тынчтыкты түзүү үчүн Стамбулда мурда түзүлгөн сүйлөшүү үстөлүн кайра түзүүгө даярбыз. Ушул себеп менен, биздин орток географиябыз Балканда, Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кызматташуу процесси аркылуу жанданган тилектештик рухунун жакынкы географиябызга да жайылат деп үмүттөнөм»,- деди.

Эрдоган өзгөчө саммитти өткөргөн Албаниянын премьер-министри Эди Раманы жана саммиттин уюштурулушуна салым кошкондорду чын жүрөктөн куттуктады.



Тектеш кабарлар