Хакан Фидан Мексикада

Хакан Фидан сапарынын алкагында Мексиканын тышкы иштер министри Алисия Барсена Ибарра менен жолугушту.

2107710
Хакан Фидан Мексикада

Тышкы иштер министри Хакан Фидан расмий сапар менен Мексикага барды.

Хакан Фидан сапарынын алкагында Мексиканын тышкы иштер министри Алисия Барсена Ибарра менен жолугушту.

Жолугушууда саясий, экономикалык, коргонуу жана маданий темаларда пикир алмашылды.

Мындан тышкары миграция, адам аткезчилиги жана терроризмге каршы күрөшүү темалары талкууланды.

Андан соң Мексиканын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Кастилло менен жолугушкан Фидан, Түркиянын Мексикадагы элчилигине да барды.

Тышкы иштер министри, элчиликтин кызматкерлери жана ага караштуу бөлүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту.



Тектеш кабарлар