Эрдоган Манисада элге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган акыркы 21 жылда жасаган демократия жана өнүгүү бурулуштарын Түркия кылымынын инфраструктурасы катары көргөндөрүн айтты.

2108178
Эрдоган Манисада элге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган акыркы 21 жылда жасаган демократия жана өнүгүү бурулуштарын Түркия кылымынын инфраструктурасы катары көргөндөрүн айтты.

Президент,   Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери Эрдоган, партиясынын Маниса митингинде коомчулукка кайрылды. 

«Өткөн 21 жылда жетишкен демократия жана өнүгүү ийгиликтерин Түркия кылымынын инфраструктурасы катары көрөбүз»,- деген Эрдоган  биримдиктин маанисине токтолду.

Түркиянын экономикасын акыркы 21 жылда үч эседен ашык өстүрүшкөндөрүн жана өнөр жай, айыл чарба, сооданы глобалдык атаандаштыкка даярдашкандарын белгилеген Эрдоган, алдыдагы мезгилде дагы ушундай ийгиликти көрсөтө тургандарын баса белгиледи.

Өлкө ичинде жана чек ара тышында террор менен күрөшкөндөрүн айткан президент Сириянын түндүгүндө  бир "террористандын"курулушуна уруксат беришпегендерин белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар