Түркияга келген туристтердин саны өстү
Түркия туризмде 2023-жылды рекорд менен жапты.
2106484
Түркия январь айында 2 миллион 47 миң 27 чет элдик туристти кабыл алды.
Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, туризмде 2023-жылды рекорд менен жапкан Түркияда январь айында чет элдик туристтердин санында мурунку жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 2,05 пайыздык өсүү болду.
Январь айында Түркияга 2 миллион 47 миң 27 чет элдик турист келди.
Түркия 2023-жылы жалпысынан 56,7 миллион турист жана 54,3 миллиард долларлык кирешеге жетип, туристтер бир түнгө орточо 99 доллар сарпташты.