Хакан Фидан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасына артыкчылык берилиши керектигин белгиледи

Фидан көп уюлдуу жаңы дүйнөлүк түзүлүштө геосаясий тирешүүлөрдү жеңүү үчүн күчтүү, көп тараптуу институттар жана эффективдүү глобалдык башкаруу механизмдердин керек экенин баса белгиледи.

2106281
Хакан Фидан  БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасына артыкчылык берилиши керектигин белгиледи

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газа баш болгон көптөгөн темда «кадам таштай албаган» БУУнун Коопсуздук Кеңешинин, БУУнун бардык системасынын «сый – урматына көлөкө түшүргөндүгүнө» көңүлдөрдү бурду.

Хакан Фидан Бразилиянын Рио  -  де  - Жанейро шаарында уюштурулган Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынындагы «Глобадык башкаруу реформасы» деген темадагы жыйындын катышуучуларына кайрылды.

Фидан көп уюлдуу жаңы дүйнөлүк түзүлүштө геосаясий тирешүүлөрдү жеңүү үчүн күчтүү, көп тараптуу институттар жана эффективдүү глобалдык башкаруу механизмдердин керек экенин баса белгиледи.

Керектүү өзгөрүүнү ишке ашыруунун маанилүү экенин белгилеген Фидан бул үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасына артыкчылык берилиши керектигин айтты.

Фидан өзгөчө Газа темасында «кадам таштай албаган» БУУнун Коопсуздук кеңешинин, БУУнун бардык системасынын «сый - урматына көлөкө түшүргөнүнө» көңүл буруп,  демократиялуу, жоопкерчиликтүү жана эл аралык укуктун параметрлерине негизделген системага муктаждыктын ар экендигин белгиледи.

Министр Фидан эл аралык каржы системасынын камтуучу, эрежеге негизделген, ачык-айкын жана туруктуу болушу керектигин айтты.

Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы ажырымды жоюу үчүн эл аралык каржы институттардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктары өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөргө ылайыктуу саясаттарды кабыл алышы керектигин баса белгилеген Тышкы иштер министри, антпесе Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Ушунун негизинде Чоң жыйырмалыктардын  маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар