Президент Эрдоган Египетке барды

Эрдоган борбор шаар Каирдеги Иттихадия сарайында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

2102372
Президент Эрдоган Египетке барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган 12 жылдан кийин бүгүн Египетке расмий сапар менен барды.

Президент Эрдоган борбор шаар Каирдеги Иттихадия сарайында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Эрдоган менен Сиси азем аянтындагы ордуна турган соң замбирек атылып, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Кесиптеши Сиси менен ардактуу кароолду караган Эрдоган, аскерлерге салам берди. Эки лидер кол алышып, басма сөз өкүлдөрүнүн алдында фотосүрөткө түшүштү.

Өлкөлөрдүн делегацияларынын тааныштыруусунан кийин эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулар башталды.

Жолугушуунун негизги күн тартиби Түркия менен Египеттин ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү болмокчу.

Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу кызматташтык механизмдерин жандандыруунун алкагында таштала турган кадамдар сүйлөшүлө турган жолугушууда соода, коргонуу, энергетика жана туризм сыяктуу ар башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөр каралат.

Жолугушууда Израилдин Палестинага кол салуулары да талкууланат.



Тектеш кабарлар