Эрдоган Гезеравжыны кабыл алды

Гезеравжы космоско алып чыккан түрк желегин президент Эрдоганга тапшырды.

2101228
Эрдоган Гезеравжыны кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжы жана үй-бүлөсү менен жолугушту.

Президент Эрдоган Түркиянын биринчи космостук миссиясын ийгиликтүү аяктап, борбор шаар Анкарага кайткан Алпер Гезеравжы жана үй-бүлөсүн Эсенбога аэропортунда тосуп алды.

Гезеравжы космоско алып чыккан түрк желегин президент Эрдоганга тапшырды.

Президент Эрдоган түрк желегин өөп чекесине тийгизип өткөрүп алды.

Кабыл алууда президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр жана Түркиянын илимий изилдөө кеңешинин (TÜBİTAK) төрагасы Хасан Мандал да болду.



Тектеш кабарлар