Министр Гүлер Сомалинин коргоо министри менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу аскердик карым-катнаштар жана коргоо өнөр жайында таштала турган кадамдар талкууланды.

2099505
Министр Гүлер Сомалинин коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Катардын башкы штабынын төрагасы генерал-лейтенант Салем Бин Хамад Аль-Акил Аль-Набетти кабыл алды.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Башкы штабдын төрагасы армия генералы Метин Гүрактын расмий чакыруусу менен Түркияга келген Катардын Башкы штабынын төрагасы генерал-лейтенант Салем Бин Хамад Аль-Акил Аль-Набетти кабыл алды»,-деп маалымдалды.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер буга чейин Сомалинин коргоо министри Абдулкадир Мухаммед Нур менен жолугушкан.

Министр Гүлер расмий конок катары борбор шаар Анкарага келген Нурду министрликте расмий азем менен тосуп алган.

Андан соң министрлер басма сөзгө жабык түрдө жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуу өткөрүшкөн.

Жолугушууда эки тараптуу аскердик карым-катнаштар жана коргоо өнөр жайында таштала турган кадамдар талкууланган.



Тектеш кабарлар