Хакан Фидан лаостук кесиптеши менен жолугушту

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жолугушууда «Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга» кол коюлду.

2097934
Хакан Фидан лаостук кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Лаостун вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Салеумхай Коммасит менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө Фидандын борбор шаар Анкарага келген Коммаситти Тышкы иштер министрлигинин Европа Биримдиги башкармалыгында коноктогону белгиленди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жолугушууда «Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга» кол коюлду.

Фидан менен Коммасит өзгөчө эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулап, учурдагы эл аралык жана аймактык окуялар боюнча пикир алмашышты.

Лаос Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) кезектешкен башкаруучусу  болгондуктан, эки министрдин жолугушуусунда Түркия менен АСЕАНдын ортосундагы кызматташтык темалары да күн тартибинен орун алды.

 

 



Тектеш кабарлар