Куртулмуш БАЭнин вице-президенти менен жолугушту
Куртулмуш жолугушуудан кийин Бахрейн жана БАЭге сапарын аяктап Түркияга кайтып келди.
2095959
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) вице-президенти, премьер-министри жана Дубайдын эмири шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту.
Нуман Куртулмуштун Аль Мактум менен өткөргөн жолугушуусунда, эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Куртулмуш жолугушуудан кийин Бахрейн жана БАЭге сапарын аяктап, коштоосундагы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясы менен Түркияга кайтып келди.