Куртулмуш Бахрейнге барды

TBMM төрагасы Куртулмуш билдирүүсүндө бул сапарлардын пайдалуу боло турганын белгиледи.

2094347
Куртулмуш Бахрейнге барды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) спикери Нуман Куртулмуш жана аны коштогон парламенттик делегация расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Бахрейнге барды.

Парламенттин төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Куртулмуш жана коштоосундагы делегацияны борбор калаа Манаманын аэропортунан Бахрейндин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ахмед Ел Мусалам, Өкүлдөр палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Абдулнаби Салман, Өкүлдөр палатасынын төрагасынын экинчи орун басары Ахмед Абдулвахид Карата жана Түркиянын Манамадагы элчиси Эсин Чакыл тосуп алышты.

TBMM төрагасы Куртулмуш билдирүүсүндө бул сапарлардын пайдалуу боло турганын белгиледи.

Түрк эли менен Бахрейн элинин бир тууган экенин баса белгилеген Куртулмуш: "Биздин мамилебиз жакшы. Парламенттер катары бул мамилелерди дагы да алдыга жылдырууга аракет кылабыз. Парламент деңгээлинде көптөн бери иш сапар болгон эмес. Ошол себептен иш сапарга өзгөчө маани беребиз",-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар