Гезеравжы космостон фотосүрөт бөлүштү
Алпер Гезеравжы өздөрүн ташыган капсула Эл аралык космос станциясына (ЭКС) туташкандан кийин башка жүргүнчүлөр менен түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram эсебинде бөлүштү.
Түрк астронавты Алпер Гезеравжы: «Биз өлкөбүздү космос мейкиндигин изилдөө тармагында татыктуу деңгээлге жеткирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз», - деди.
Алпер Гезеравжы өздөрүн ташыган капсула Эл аралык космос станциясына (ЭКС) туташкандан кийин башка жүргүнчүлөр менен түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram эсебинде бөлүштү.
Эл аралык космос станциясынын ар башка өлкөлөрдөн космонавттарды чогултуп, кичинекей бир дүйнөнү жаратканын жана ааламга жарык чачуу үчүн көптөгөн эксперименттерге кожоюндук кылганын белгилеген Гезеравжы: «Биз бул тажрыйбаны өзүбүз жеринде көрүү менен өлкөбүздү космостук изилдөөлөр тармагында татыктуу деңгээлге жеткирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Сиздерге чын жүрөктөн сүйүү жана космостон салам жолдойм»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын телефон дипломатиясы
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.