THY учактары текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өттү

Билал Экши эл аралык текшерүү уюмдары тарабынан THY учактарына жүргүзүлгөн «Safety Assessment of Foreign Aircraft (SAFA)» иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарын социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.

2092249
THY учактары текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өттү

Түрк аба жолдорунун (THY) башкы директору Билал Экши акыркы бир жылдын ичинде 39 өлкөдө фирмалык учактарга чет элдик бийликтер тарабынан жүргүзүлгөн 82 коопсуздук текшерүүсүндө дээрлик нөлгө жакын жыйынтык табылганын айтты.

Билал Экши эл аралык текшерүү уюмдары тарабынан THY учактарына жүргүзүлгөн «Safety Assessment of Foreign Aircraft (SAFA)» иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарын социалдык медиа баракчасынан бөлүштү. 

THYнын 72 учагынын SAFA тарабынан текшерилгенин белгилеген Экши: «Акыркы бир жылдын ичинде чет өлкөлүк жарандык авиация органдары тарабынан 39 өлкөнүн 55 аэропортунда 72 учакта 82 коопсуздук текшерүүсү жүргүзүлдү. Жетишилген катасыздык (0,25) баалоосу менен эң мыкты авиакомпаниялардын катарына кирдик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар