TRT World Citizen сыйлыктары тапшырылды

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси TРТ оң өзгөрүүлөргө  илхам болуу үчүн   2017 - жылы баштаган демилге бул жолу дагы бир жолу дүйнөгө маалымдуулукту жараткандарды алдыга чыгарды.

2091135
TRT World Citizen сыйлыктары тапшырылды
filistinli doktor abu sittah trt world citizen 2024.jpg

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси TРТ оң өзгөрүүлөргө  илхам болуу үчүн   2017 - жылы баштаган демилге бул жолу дагы бир жолу дүйнөгө маалымдуулукту жараткандарды алдыга чыгарды. 

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажынын жетекчилигинде өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун TRT World Citizenдин маанисин баса белгиледи. 

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы : "Түркия Республикасы катары тарыхыбызда эч качан айланабыздагы жана дүйнөдөгү маселелерге, кыйынчылыктарга кайдыгер караган жокпуз",- деди.

Алтун : "Президентибиз урматтуу Режеп Таййип Эрдогандын дагы жакшы бир дүйнө тууралуу көз карашын жыйынтыктаган "дүйнө бештен чоң" деген манифести биздин өлкө катары алдыга койгон так, күчтүү эрктин өкүлү. "Адилеттүү дүйнө мүмкүн" деген чакыруусу да бул баалуу пикирдин көрсөткүчү.  TRT World Citizen сыяктуу демилгелер менен биз бул эркибизди, колубуздагы бардык каражаттар жана мүмүкнчүлүктөр менен бекемдеп, жогорку деңгээлге көтөрүү аракетиндебиз",- деди. 

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да Газадагы окуяларга токтолуп, туура позиция алган медианын күчүнө көңүл бурду.

Собажы : «Ушул кылымдын маселеси эрк маселеси, адептүү, адамгерчиликтүү жана абийирдүү эркти көрсөтө алгандардын күчү жана саны дүйнөнүн тагдырын чечет»,- деди. 

TRT World citizen сыйлыктары билим берүү, коммуникация, жаштар, Жылдын дүйнөлүк жараны жана Өмүр боюу жетишкендик деген  5  категорияда берилди. 

«Жылдын дүйнөлүк  жараны» сыйлыгынын ээси  7 - октябрда башталган жана 100 күндөн ашуун убакыттан бери уланып жаткан Израилдин  Газа кыргынында аймакта оор шарттарда иштеген палестиналык доктор Эбу Ситтага берилди.

 



Тектеш кабарлар