Эрдоган Европадагы түрктөрдү биримдикке чакырды
Эрдоган Германиядагы Эл аралык демократиялык биримдиктин конгрессине видео кайрылуу жиберди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Европада расизм жана исламга карата душмандык күчөгөн бул мезгилде европалык түрктөрдү биримдикке чакырды.
Эрдоган Германиядагы Эл аралык демократиялык биримдиктин конгрессине видео кайрылуу жиберди.
Кайрылуусунда : "Европада ислам душмандыгынан маданий расизмге чейин көптөгөн коркунучтар күчөп турган чакта, биримдигибиздин негизги милдети демократия жана демократиядан тайбастан европалык түрктөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын акырына чейин коргоо",- деген Эрдоган мунун жолунун башка түрк коомдук мекемелери менен бирдикте мыйзам жана тартиптин алкагында жаңы медиа каражаттарын пайдаланып, чечкиндүүлүк менен жүргүзүү экенин белгиледи.
Европадагы түрктөрдөн жашаган өлкөсүнүн саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана илимий жашоосуна көбүрөөк катышуусун күткөндөрүн баса белгилеген Эрдоган : "Муну эч качан унутпагыла. Ассимиляцияга каршы эң чоң куралыбыз келечегибиздин кепилдиги болгон балдарыбызга эне тилин, маданиятын, цивилизациялык баалуулуктарын үйрөтүү. Бул маселе боюнча Эл аралык демократтар биримдигинин керек болгон кадамдарды таштоону улантарынан шек санабайм",- деди.
Президент бул маанилүү күрөштө Түркия катары акыркы 20 жылда болгондой Европадагы түрктөрдүн жанында болууну уланта тургандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.