Желал Сами Түфекчи Азербайжанга барды

Улуттук коргоо министринин  орун басары Желал Сами Түфекчи Түркия менен Азербайжандын ортосунда ишеним жана колдоого таянган кызматташуунун бекемделишинин  маанисин баса белгиледи.

2090610
Желал Сами  Түфекчи Азербайжанга барды

 Улуттук коргоо министринин  орун басары Желал Сами Түфекчи Түркия менен Азербайжандын ортосунда ишеним жана колдоого таянган кызматташуунун бекемделишинин  маанисин баса белгиледи.

Министрдин орун басары Түфекчи жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжанга барды жана Азербайжанда коргоо министри Закир Хасанов менен жолугушту.

Азербайжандын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Түфекчинин түрк коргонуу өнөр жайы фирмаларынын айрым башкаруучулары менен биргеликте Хасанов менен жолугушкандыгы билдирилди.

Түркиянын Бакудгы элчиси Жахит Багжы да катышкан жолугушууда аскердик каражаттар жана коргонуу өнөр жайы тармагындагы биргелешкен долбоорлор менен аймактык коопсуздук темалары каралды.

Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык союздаштыктын достук жана боордоштук карым  - катнаштарына таянгандыгын баса белгилеген Азербайжандын коргоо министри башка тармактарда болгондой эле аскердик тармакта да кызматташуунун туруктуу  өнүккөндүгүн белгиледи.

Улуттук коргоо министринин орун басары Желал Сами Түфекчи өз ара ишеним жана колдоого таянган кызматташуунун  кеңейтилишинин маанисин баса белгиледи.

Эки тарап өзгөчө аскердик, аскердик  - техникалык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун дагы да кеңейтилиши менен бирге аймактык коопсуздук темаларын да талкуулашты.



Тектеш кабарлар