Эрдоган талапкерлерди таанытуу жыйынына катышты

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын эми коркутуулар  жана тымызын оюндарга баш ийе турган өлкө эмс экендигин  эртели - кеч билине тургандыгын айтты.

2090553
Эрдоган талапкерлерди таанытуу жыйынына катышты

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын эми коркутуулар  жана тымызын оюндарга баш ийе турган өлкө эмс экендигин  эртели - кеч билине тургандыгын айтты. 

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада партиясы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкерлерди таанытуу жыйынына катышты. 

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө көп убакыттан бери хаос чыгарып, террорду күчтөндүрүү, сокку аракетинде болуп, экономикалык тузактарды куруп, Түркияны тизелеткеиси келгендердин үндөрүн чыгарууну улантып жаткандыгын белгиледи. 

Түркиянын террор менен күрөшүүдө  артка чегинбей турганын баса белгилеген Эрдоган : "Түрдүү аттар менен колдогон, мүчөлөрүн  машыктырып, куралдандырган жикчил террордук уюмга "террористан" курдурууну каалашты. Чек ара  тышындагы операцияларыбыз менен бул долбоорду бузганыбыз үчүн өлкөбүзгө зыян келтирүүгө аракет кылышты. Өлкөбүздүн кызыкчылыктары жана улутубуздун максаттары үчүн компромисске барбай турганыбызды көрсөтүү менен, ар бир саясий, дипломатиялык, экономикалык жана аскердик тармактарда жаңы тоскоолдуктарга туш болуудабыз.Буларды жасоо менен бизди коркута ала тургандарын, жок кыла тургандарын, империалисттик амбицияларына бизди ыраазы кыла тургандарын ойлоп жатышат. Муну ачык жана так айткым келет ; эч качан артка кадам таштаттыра алышпайт. Бизди жолубуздан кайтара алышпайт. Бизди жана өлкөбүздү эч бир шартта багынта алышпайт. Түркиянын эми коркутуулар менен тымызын оюндар менен баш ийдире албай турган өлкө экендигин түшүнүшөт". 

 



Тектеш кабарлар