ТИКАдан Ооганстанга колдоо

ТИКАнын Мазар-и Шариф кеңсесинин билдирүүсүндө, Жүзжан облусунун Акча районуна караштуу Иттифак айылындагы суу кудугунда жаңылануу жана оңдоо иштеринин жүргүзүлгөнү белгиленди.

2089614
ТИКАдан Ооганстанга колдоо

Ооганстандын түндүгүндө 300дөн ашуун үй-бүлө, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Мазари Шариф кеңсесинин колдоосу менен кайрадан ичүүчү сууга жетти.

ТИКАнын Мазар-и Шариф кеңсесинин билдирүүсүндө, Жүзжан облусунун Акча районуна караштуу Иттифак айылындагы суу кудугунда жаңылануу жана оңдоо иштеринин жүргүзүлгөнү белгиленди.

Ушул алкакта 24 миң литрлик суу бачогунун орнотулганы, күн батареялары, суу бөлүштүрүүчү бөлмө жана сантехниканын жаңыланганы маалымдалды.

Оңдолгон суу кудугу Иттифакта өткөрүлгөн аземде ал жерде жашаган 300дөн ашуун үй-бүлөгө тартууланды.

Айылдын башчысы жана жашоочулары да ТИКА менен Түркияга ыраазычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар