Ирактын түндүгүндө шейит

Жөө аскер адиси сержант Самет Аслан шейит болду.

2087713
Ирактын түндүгүндө шейит

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында террористтердин ок атуу жана кирүү аракетинин натыйжасында жөө аскер адиси сержант Самет Аслан шейит болду.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө «2024-жылдын 11-январында «Чеңгел-Кулпу операциясы» аймагында жикчил террордук уюмдун мүчөлөрүнүн ок атуу жана кирүү аракетинин натыйжасында жөө аскер адиси сержант Самет Аслан шейит болуп, бир баатыр аскерибиз да жараат алды. Жарадар болгон аскерибиз ооруканага жеткирилип, аны дарылоо башталды» деген сөздөр камтылып, аймакта операциялардын уланып жатканы маалымдалды.  

Билдирүүдө: «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана улутубузга көңүл айтып сабыр тилейбиз. Жараат алган кызматкерлерибиздин да тез арада сакайып кетишин каалайбыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар