Түркияда шамалдан электр өндүрүүдө рекордго жетишилди

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Түркиянын 7 - январда 28 пайыз менен шамалдан электр энергиясын өндүргөн эң жогорку көрсөткүчкө жеткендигин билдирди.

2086944

Министр Байрактар ​​X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү билдирди : "Күн өткөн сайын өсүп жаткан  жаңылануучу орнотулган кубаттуулугубуз менен жаңы рекордго кол коюп жатабыз. 2024 -  жылы  7 -  январда шамалда  27 пайыз менен катталган эң жогорку электр өндүрүү катнашына жетиштик".

Түркиянын шамал энергетикасынан электр өндүрүү  7 -  январда  218  мегаватт саат менен бардык убактардын  эң жогорку чегине жетип, жалпы электр өндүрүшүндөгү шамалдын үлүшү 28 пайыз болду. Түркияда бардык булактардан өндүрүлгөн электр энергиясы 778,5 мегаватт саат болуп ишке ашты. 

Шаамлдан электр өндүрүшүндө  акыркы рекорд  3 -  апрелде  203 миң  69 мегаватт саат болуп катталды. 

Тектеш кабарлар