Фидан менен Блинкендин жолугушуусу

Фидан менен Блинкендин Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кечээ болгон жолугушуусуна байланыштуу дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда жолугушууларда эки өлкөнүн карым-катнаштары кеңири талкууланды.

2085168
Фидан менен Блинкендин жолугушуусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге Түркиянын F-16 согуштук учактарын сатып алуу процессинин аякташын күтүп жатканын баса белгиледи.

Фидан менен Блинкендин Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кечээ болгон жолугушуусуна байланыштуу дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда жолугушууларда эки өлкөнүн карым-катнаштары кеңири талкууланды.

Министр Фидан маектешине Түркиянын F-16 сатып алуу процессинин аякташын күтүп жатканын айтып, Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу акыркы чечимдин Түркия Улуу Улуттук Жыйынына таандык экенин айтты.

Эки министр Газада уланып жаткан адамдык трагедияга да баа беришти.

Израилдин күчөгөн агрессиясынын бүт аймак үчүн коркунуч экенине көңүл бурган министр Фидан ок атышпоонун токтоосуз жарыяланышы жана Газага үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жеткирилиши керектигин баса белгилеп, эки мамлекеттүү чечим үчүн сүйлөшүүлөрдүн тез арада башталышын талап кылды.

Фидан Түркиянын Орусия жана Украинада өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн коопсуз түрдө дүйнөлүк базарларга жеткирилишин камсыздоо аракети темасына да токтолуп, Түркиянын Кара деңизде чыңалууну каалабагандыгын айтты.

Жолугушууда Азербайжан менен Армениянын сүйлөшүүлөрү жана Сирия жана Ирак сыяктуу аймактык маселелер да талкууланды.



Тектеш кабарлар